ISO 3166-1
From Wikipedia, the free encyclopedia
ISO 3166 стандартын өзүнө өлкөлөрдүн жана аларга караган аймактардын аттарын камтыган бөлүгү. Биринчи жолу 1974 - жылы жазылган. Ар бир өлкө үчүн үч башка кодду аныктайт:
ISO 3166-1 alpha-2 (англ.), көптөгөн тармактарда, анын ичинде Интернетте да (биринчи деңгээлдеги домендерди белгилөө үчүн) колдонулуучу эки тамгалуу система. ISO 3166-1 alpha-3 (англ.), үч тамгалуу система. ISO 3166-1 numeric, БУУнун статистикалык бөлүштүрүлүшүндөгү үч сандуу система. 249 өлкөнүн жана аймактын өзүлөрүнө тиешелүү коду бар. ISO 3166 агенствосунун стандарттарына ылайык, өлкө же аймак БУУнун Өлкөлөр аты же БУУнун статистикалык бөлүгү колдонуучу өлкөнүн же аймактын коду статистикасынын бюллетенине кошулушу зарыл. Бюллетенге кошулуу үчүн өлкө же аймак төмөндөгү шарттарды аткарышы керек:
- БУУнун мүчөсү болуу
- БУУнун каалаган адистештирилген агенствосуна мүчө болуу
- БУУнун Эл Аралык Соттун мыйзам чыгаруу ишине катяшуу катышуу.
Өлкө же аймак аталышын өзгөрткөндө жаңы код, ал эми чек арасынын өзгөрүшүндө сандык код алат. Кээ бир коддор ар кандай максаттар үчүн резерв түрүндө сакталат. Мисалы, эскирген коддор резерв бойдон калат.
ISO 3166-1 өлкөлөрдүн жалгыз эле коддук стантарты эмес, себеби Дүйнөлүк Олимпиада Комитети жана ФИФА уюмдарынын да өзүлөрүнүн коддору бар.