Ураан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ураан – биримдикти билгизүүчү сүрөөн. Урушка киргенде пир туткан ата-бабаларынын, баатырлардын аттарын кыйкырып айтып, душманга айбат көрсөтүшкөн. Мурунку өткөн баатырлардын сүрү душманга тирүүсүндөй айбат кылат, колдойт деп ишенишкен. Ураан уруу, уруулар ичинде жалпы элдик мүнөзгө ээ болгон.