Шииттер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Шииттер (арабча – шиа – биригүү же топтошуу деген сөз)[1] – ислам дининдеги негизги багыттардын бири (сүннөттөр сыяктуу). Алар куранды колдоо менен оозеки айтылуучу шариатты-суннаны жана алгачкы үч халифти таануудан баш тартышкан.
Шииттердин пайда болушу 7-кылымда омейяларга каршы багытталган саясий кыймылдан келип чыгып, аны Мухаммеддин күйөө баласы Али жана анын жолдоштору колдошкон; Ши-Али (шииттер) – Алинин тобу, партиясы деген маанини берет. Шииттик агым Ирандын мамлекеттик дини, Йемен, Ирак, Азербайжан, Ливан, Бахрейн жана башка мамлекеттерге тараган.