Таш-Көмүр

Жалал-Абад облусундагы шаар From Wikipedia, the free encyclopedia

Таш-Көмүрmap

Таш-КөмүрЖалал-Абад облусундагы (1943-жылдан) шаар, темир жол бекети. Нарын дарыясынын оң жээгинде, Бишкек — Жалал-Абад автомобиль жолунун боюнда, Жалал-Абад шаарынан 147 км түндүк-батыш тарапта, Бишкек шаарынан 450 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 585 м бийиктикте жайгашкан. Ташкөмүр шаарына Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчалары, Теңдик айылы да кирет.

Ыкчам фактылар
Отурукташкан жай
Таш-Көмүр
Thumb
Герб
Thumb
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
Координаттар41°21′ с. ш. 72°13′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты4,8 км²
Борборунун бийиктиги585 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы40 400[1] адам (2015)
Улуттук курамыКыргыздар (87,8%),
Өзбектер (7,6%),
Орустар (1,9%),
Татарлар (1,6%)[2]
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 3745
Thumb
Жабуу

Калкы 40,7 миң (2001); көбү кыргыздар (81,4%), ошондой эле орус, өзбек, казак, татар, украин, тажик жана башка улуттар жашайт. Шаардын климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы —8...—10°С, шамалдын ылдамдыгы 6—8 м/сек, июлдуку 40,5°С. Жылдык жаан чачыны 403 мм. Аялдар 54%, эркектер 46%ти түзөт. Ташкөмүр шаары ушул аймактагы көмүр бассейинин өздөштүрүүгө байланыштуу пайда болгон. 1930-ж. көмүр кени ачылып, азыркы шаардын ордуна шахтёрлордун кичинекей кыштакчасы курулган. Көмүр казып алууну тездетүү максатында темир жол салынган. 1935-ж. Ташкөмүр шаары болуп түзүлгөн. Карамагына азыркы Аксы жана Ноокен районун айрым бөлүктөрү кирген. Негизги өнөр жай тармактары көмүр казуу, гидроэнергетика, химиялык, металлургиялык өндүрүш, тамеки ферменттөө, курулуш, транспорт жана башка. Негизги өнөр жай ишканалары: «Кристалл» мамлекеттик акционердик коому, «Тегене» жоопкерчилиги чектелген коом, «Сарыалтын» акционердик коому, курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы, «Ташкөмүр», «Күч», «Аргымак», «Суусамыр», «Жер азык», «Айылкөмөк», «Ален» акционердик коомдору, «Бакай-майрам» жоопкерчилиги чектелген коому, Гидроболотконструкция, жыгачтан эмерек, буюм жасоочу цех жана башка. Шаарда 2 автотранспорт ишканасы «Аргымак» жана «Буудан» акционердик коомдору) бар. Аларда 200гө жакын адам эмгектенет. Республикалык психоневрологиялык оорукана,маданият уйу бар. Облустун аймагы кенге бай. Анда кара, түстүү, сейрек ж-а баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, курулуш материалдарынын, химиялык сырьёлордун, асыл жана кооз таштардын кендери, о. эле жер астындагы суулардын бассейндери, ысык жана минералдуу суу-сарайы, телестанция, китепкана, мечит жана башка; маданий агартуу мекемелери бар. 2001—2002-окуу жылында 13 орто, 1башталгыч мектеп, 6 бала бакча, кесиптик лицей жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.