Орозо айы From Wikipedia, the free encyclopedia
Рамазан (ар. رمضان) — мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда "Куран" түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон "орозону" кармоочу ай:
Ыйык Рамазан айы ар. رمضان | |
---|---|
Түрү | Исламдык |
Официалдык аты | Рамазан |
Мааниси | Орозо кармоо |
Белгилешет | мусулмандар |
Башталган күнү | 1 / 30 Рамазан айында |
Бүткөн күнү | 30 же 29 күндөн соң |
Быйылкы 2024 жылы | 11-март — 9/10-апрель[1] |
Майрамдоо | Мечтитте, үй-бүлөдө, достор менен |
Салты | мечитте ибадат кылуу, орозо кармоо, ифтар, куран окуу, садака кылуу. |
Байланышы | Ислам динге |
Рамазандын дагы бир баалуу жагы, ал айдын бир түнү "Кадыр түн" болгондугунда. Бул айдын ичинде мусулмандар Куранды жана атайын түнкү намаздарды окушат. Рамазан айынын акыркы он күнүндө бардык ниетиңди Кудайга арнап, өзүнчө обочолонуп жашаса болот. Айдын аягында садака-битир таратылат.
Рамазан айынын келишинин белгиси катары асманда айдын пайда болушу болуп саналат. Эгер, кайсы бир себептер менен айды көрүүгө мүмкүн болбосо, Шаввал айынын 30 күнү бүтөөр менен дароо орозону баштоо керек болот.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.