![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/22/New_York_City_at_night_HDR.jpg/640px-New_York_City_at_night_HDR.jpg&w=640&q=50)
Нью-Йорк
From Wikipedia, the free encyclopedia
Нью-Йорк (англ. New York City, IPA: [nuː ˈjɔɹk ˈsɪtɪ] же [njuː ˈjɔːk ˈsɪti]) — АКШнын ири шаары, дүйнөнүн ири шаарларынын бири. Калкынын саны 8 363 710 адам (2010-жыл)[1], шаар аймагын кошкондо — 20,61 млн. Атлантика океанынын жээгинде Нью-Йорк штатынын түштүгүндө жайгашкан. Нью-Йорк XVII кылымда голландиялык колонистер тарабынан негиделген. 1664-жылга чейин шаар «Жаңы Амстердам» деген ат менен белгилүү болгон.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b3/BattleofLongisland.jpg/640px-BattleofLongisland.jpg)
Отурукташкан жай
Нью-Йорк ![]()
Викиказына түрмөгүндө: Нью-Йорк |
Нью-Йорк 5 аймактан турат: Бронкс, Бруклин, Квинс, Манхэттен жана Статен-Айленд.
Негизги маданий жана тарыхый баалуулуктары Манхэттенде орун алган. Алардын ичинде: тарыхый мунаралар (Эмпайр-стейт-билдинг, Крайслер-билдинг), Рокфеллер-борбору, Вулворт-билдинг, көркөм Метрополитен музейи, Метрополитен-Операсы, Соломон Гуггенхайм атындагы искусство музейи (сүрөт), Американын табийгый тарыхый музейи (динозаврлар скелети жана планетарий), легендарлуу «Челси» мейманканасы, БУУ баш-кеңсеси, Гарлем.
Нью-Йорк — дүйнөдөгү каржылык, саясий, экономикалык жана маданий борбор[2].