From Wikipedia, the free encyclopedia
Манас эл аралык аэропорту ― Бишкек шаарынын аба майданы.
Манас эл аралык аба майданы | |||
---|---|---|---|
IATA: FRU – ICAO: UCFM
FRU | |||
Кыскача маалымат | |||
Абалы | Жарандык | ||
Өлкө | Кыргызстан | ||
Ээси | ААК «Манас эл аралык аба майданы» | ||
Тейленүүчү шаар | Бишкек, Кыргызстан | ||
Жайгашкан жери | Чүй облусу | ||
ДД бийиктиги | 637 m / 2090 ft | ||
Координаттары | 43°03′40″ с. ш. 74°28′39″ в. д.HGЯO | ||
Сайты | |||
Учуп-конуу тилкелери | |||
Багыты | Узундугу | Төшөмү | |
m | ft | ||
08/26 | 4,204 | 13,793 | Армобетон |
Статистикасы (2019) | |||
Жылдык жүргүнчү агымы | ▲ 3,683,347 адам | ||
Source: airport website[1]. |
Анын ILS тутуму — ICAO CAT 2/ туманга байланыштуу катуу кечигүүлөр болушу мүмкүн, өзгөчө алыскы рейстерге.
Ошондой эле, бул Манас транзиттик борбору. Буга чейин ал Манас аэробазасы болуп келген.
2007-жылы аба майдандан 625,500 жүргүнчүлөр өткөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу, 21%га жогору.Ошол эле жылы 23,172 тонна жүк ташылып келген.
Шаардын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Эң атактуу кыргыз жазуучусу жана мнтллектуалы Чынгыз Айтматовдун сунушу боюнча, кыргыз эпостук баатыры Манастын артынан аталган. Аба майданга учак эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. Анын бортунда Совет премьер-министри Алексей Косыгин болгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москва-Домодедового болгон.
1991-жылы Кыргызстан Советтер Союзунан көз карандысыздыкка жетип, аэропорттун инфраструктурасы жай, бирок туруктуу түрдө төмөндөй баштаган. Он жыл бою ал кароосуз калып, аэропорттун чыгыш жагында металлолом толуп кеткен: алардын ичинде Советтик 60тай эски самолеттор, вертолеттор, аба лайнерлери ж.б. керексизделип жатышкан.
"Кыйрагыс эркиндик " операциясы башталган соң, АКШ өкмөтү өз коалициясынын өнөктөрү менен Авганистандагы операцияларды ишке ашыруу максатында аэропортту аскердик база катары колдонууга уруксат сурайт. Коалициялык күчтөр 2001-жылда сентябрлын аягында келишет. Келери менен эле аэропортто операциялар жана жабдуулар иш жүзүнө кеңири ашырыла баштаган.Кароолсуз калган самолеттор жайытка айланып, алардын ордун коалициялык учактар ээлеп, араң турган ангарлардын ордуна кыйраткыч учактар үйү тургузулган. Жүргүнчүлөр жолу боюнча аскерлер палаталарынан турган шаарча пайда болот. Питер Гансинин урматына америкалык күчтөр ал жерди "Ганси авиабазасы" деп аташат. Ганси, өрт өчүргүчтөр башчысы, 11-сентябрда Нью-Йоркто террористтик чабуулда каза тапкан. Кийинчерээк, Гансинин ордуна Манас абабазасы деген ат коюлган.
2004-жылы, жүрунчүлөр терминалынын астында жаңы автотурук курулуп, транспорттук учактарга кененирээк жер түзүлгөн.
Ошол эле учурда, коалициядан келген акчага кыргыз өкмөтү жүргүнчүлөр терминалын кеңейткен жана жаңылаткан. Аскерлер үчүн бир нече ресторандар, сувенирдик дүкөндөр, чачтарачтар пайда болгон.
2007-жылы аэропорт терминалы реконструкциялоого жана жаңылоого кабылган. Азыркы ИАТАнын FRU аттуу коду Бишкектин Советтер убагындагы Фрунзе атынан келип чыккан.
Кыргызстан аба жолдорунун башкы кеңсеси аэропорттун ичинде болчу. 2002-жылы 2-январда Манас аэропортунун Кыргызстан соода агенствосунун башкы кеңсенине көчүп кетет. Буга чейин ал кеңсе да аэропортун жеке менчиги эле.
Ташырмандын аталышы | Багыттары |
---|---|
Aero Asia International | Карачи |
Aeroflot | Мөскөө-Шереметево |
Aeroflot operated by Donavia | Сочи |
Aeroflot operated by Rossiya | Санкт-Петербург |
Aerosvit | Киев-Борыспил |
Air Astana | Алматы |
Avia Traffic Company | Алматы, Дүйшөмбү, Исфана, Жалалабат, Мешхед[2], Мөскөө-Домодедово, Новосибирск, Ош, Санкт-Петербург, Ташкен |
British Midland International | Лондон-Хитроу |
China Southern Airlines | Үрүмчү |
flydubai | Дубай |
Iran Air Tours | Мешхед |
Iran Aseman Airlines | Мешхед, Тегеран-Имам Хомейни |
Itek Air | Мөскөө-Домодедово, Үрүмчү |
Kyrgyzstan | Баткен, Дели, Дубай, Дүйшөмбү, Исламабад, Ыстамбул-Ататүрк, Жалалабат, Казарман, Кербен, Красноярск, Кожон, Мөскөө-Домодедово, Новосибирск, Ош, Үрүмчү, Екатеринбург |
S7 Airlines | Новосибирск |
Somon Air | Дүйшөмбү |
Tajik Air | Дүйшөмбү |
Turkish Airlines | Ыстамбул-Ататүрк |
Ural Airlines | Екатеринбург |
Uzbekistan Airways | Ташкен |
Yakutia Airlines | Краснодар |
Ташырмандын аталышы | Багыттары |
---|---|
Silk Way Airlines | Бакы |
Turkish Airlines | Ыстамбул-Ататүрк, Шанхай-Пудоң |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.