![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/4b/Maldives_%2528orthographic_projection%2529.svg/langky-640px-Maldives_%2528orthographic_projection%2529.svg.png&w=640&q=50)
Мальдив
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мальдив, Мальдив Республикасы (Дивехи Раджехе Жумхурия) (Мальдивче: Divehirā'je, Dhivehi Raa'je), Мальдив Республикасы (Mald. Divehirā'jēge jumuhūri'ya, Dhivehi Raajjeyge Jumhooriyyaa) – Түштүк Азиядагы арал мамлекет. Инди океанынын түндүгүндө, Мальдив аралында (1200 жакын майда аралдардан турат; алар 26 шуру атоллдорун түзөт), Индстан жарым аралынан түштүк-батышта жайгашкан. Шри-Ланка аралынын түштүк-батышында. Аянты 298 км2 (кургактыктагы). Калкы 3,2 млн (2011). Борбору – Мале. Мальдивдин аймагы 21 административдик бөлүккө (20 атоллго жана борбордук округга) бөлүнөт. Акча бирдиги – руфия. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2006) Мальдив – БУУнун (1965), ЭФВтин (1978), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1978), Ынтымакташтыктын (1982), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташтык ассоциациясынын (1985), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/4b/Maldives_%28orthographic_projection%29.svg/320px-Maldives_%28orthographic_projection%29.svg.png)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/0f/Flag_of_Maldives.svg/640px-Flag_of_Maldives.svg.png)