Люксембург
From Wikipedia, the free encyclopedia
Люксембург (люксембургча Lёtzebuerg, нем. Luxemburg, фр. Luxembourg), Люксембург Улуу герцогдугу (люксембургча Groussherzogtum Lёtzebuerg, фр. Grand-Duche de Luxembourg, нем. GroBherzogtum Luxemburg) – Батыш Европадагы мамлекет. Түндүк-Батышынан Бельгия, чыгышынан Германия, түштүгүнөн Франция менен чектешет (чек арасынын жалпы узундугу 356 км.). Аянты 2586 км2 (түндүктөн түштүктү карай 82 кмге, батыштан чыгышка 57 кмге созулат). Калкы 503,1 миң (2010). Борбору – Люксембург шаары Расмий тили – люксембург (мамлекеттик тил статусуна ээ), француз, немис тилдери. Акча бирдиги – евро. Административдик-аймагы жактан 3 округга, алар өз ичинен 12 кантонго бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):
Округдары | Аянты, км2 | Калкы, миң | Адм. борборлору |
---|---|---|---|
Люксембург | 904 | 350,8 | Люксембург |
Дикирх | 1157 | 74,9 | Дикирх |
Гревенмахер | 525 | 58,1 | Гревенмахер |
Люксембург – БУУга (1945), ЭВФке (1845), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (1945), Европа советине (1949), НАТОго (1949), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмуна (1973), Европа союзуна (1993; 1958–67-ж. Европа экономикалык коомуна, 1967–92-ж. Европа коому), Евратомго (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.