Советтик жана Кыргызстандык актриса, «Туңгуч» театрынын уюштуруучусу. Кыргыз ССРинин эл артисти From Wikipedia, the free encyclopedia
Жамал Сейдакматова (төр. 28-сентябрь 1938, Темир, Кыргыз ССРи, СССР - 16-февраль 2021, Бишкек Кыргызстан) — Советтик жана Кыргызстандык актриса, «Туңгуч» театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси. Кыргыз ССРинин эл артисти. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.
Жамал Сейдакматова
| |
Туулган датасы: |
21 -сентябрь 1938 |
---|---|
Туулган жери: |
Темир айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССР , СССР |
Өлгөн датасы: |
16 -февраль 2021 (82 жаш) |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
актриса , |
Карьерасы: |
1957 — 2021 |
Сыйлыктары: |
КРнын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 3-даражадагы "Манас" орденинин (2003) жана 2-даражадагы "Манас" орденин (2019) ээси. |
IMDb: |
Жамал Сейдакматова Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Темир айлында туулуп-өскөн.
Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп өсөт. Бирок, орто мектепти аяктагандан кийин, эңсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, өтүп кетет да окуп калат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган инститту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет.
Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Мында дээрлик 32 жыл, 1989-жылга чейин ырааттуу иштейт.
1989-жылы Бишкек шаарында “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кетип, бул театрда өмүрүнүн калган бөлүгүндө мээнет кылган. [1]
Ж.Сейдакматова 2021-жылы 16-февралда Бишкек шаарында каза болду.
Аталган театрдын сахнасында Ж.Сейдакматова ондогон ролдорду ойноп, кыргыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебердиги дал ушул театрдын сахнасынан көрүндү.
Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдүү тартыла баштайт.
Ж.Сейдакматованын 1960-70-жылдардын ичиндеги театр өнөрүндөгү чыгармачылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург У.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Ырастан эле бул образ дегеле Ж.Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгындагы эң орчундуу жетишкендик болуп саналат.
Бир чети сахналаш өнөгү, бир чети ошол кездеги жубайы, таланттуу театр артисти, маркум Болот Шалтаев экөөнүн “Азоого чалмадагы” чыгармачылык дуэти (жубайы Петруччону аткарган), ушул кезге чейин кыргыз театрынын тарыхындагы нукура чыгармачылык өнөктөштүктүн, нукура чыгармачыл атаандаштыктын эң жогорку, эң бийик, эң мыкты үлгүсү болуп эсептелет.
Театр менен сахнада Ж.Сейдакматова көбүнэсе лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп жүрөт. Бирок, ошол эле аталган “Азоого чалмадагы” Катаринанын, андан соң “Үйлөнүү” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актрисанын комедиялык мүнөздөгү ролдордун да андан ашкан устасы экенин айгинелейт.
Кыскасы, Ж.Сейдакматова көп кырдуу талант болгон.
Обончу Э.Мукамбетовдун “Сайрагүл”, “Айдайлы жашоо кемесин” сыяктуу ж.б. ырларын ырдап чыгып, Ж.Сейдакматова убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган.
Кырдрамтеатрдын сахнасында жетишкен ийгиликтери үчүн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алат.
Ал эми “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.
Бирок, Ж.Сейдакматова Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында жетишкен чыгармачылык ийгиликтерине канаатанып, бир орунду таптап туруп калган жок. Анын чыгармачылык жаңылыкка чаңкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок “Тунгуч” театрынын түптөлүшүнө алып келди.
СССРдин жетекчиси М.Горбачевдун Кайра куруусунун шарапаты тийип, Ж.Сейдакматова пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Ж.Өзүбекованын “Апамдын махабаты” драмасын ишке ашырат. Андан соң ушул эле багытта К.Акматов менен Ж.Кулмамбетовдун “Мунабия” драмасын режиссер А.Сарлыкбековго койдурат.
Театрдын ичинде дагы бир театрдын түзүлүшү ал кездеги Кырдрамдын жетекчилиги үчүн өтө өөн көрүнүш эле. Ж.Сейдакматова менен анын пикирлештери ачык эле кодулана башташат. Андан ары Кырдарамдын ирегесинде калууга мүмкүн болбой калган, ошондо Ж.Сейдакматова бир катар пикирлештери: М.Токтобаев, А.Өзүбеков, М.Мамбетов, Ж.Балыкбаева, Ж.Жаманбаева, Т.Абдыразаева, Э.Чалабаев, К.Бекбатыров ж.б. менен бирдикте театрды таштап, чыгып кетишет да “Тунгуч” театрын негиздейт.
1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында Кыргызстандагы эң алгачкы жеке менчик театр - “Тунгуч” театрынын расмий ачылышы өтөт.
“Тунгуч” театрынын ачылышындагы репертуары төмөнкүдөй эле:
К.Акматов, Ж.Кулмамбетов, “Мунабия”
Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын купуя сыры”
Ж.Өзүбекова, “Апамдын махабаты”, “Карагыз”
1992-жылы Ж.Сейдакматова, театр коллективини жыйынында «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси болуп шайланат.
Зиягүл («Алыскы тоолордо»)
Хатша («Караш-Караш окуясы»)
Жамал («Ташка баткан элестер»)
Фатима («Улан»)
Бегайым («Ак илбирстин тукуму»)
Шайыргүл («Кара кийикке жол») ж.б.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.