Африка өлкөлөрүнүн жана көз каранды аймактарынын тизмеси
From Wikipedia, the free encyclopedia
Африка — калк саны жана аянтынын чоңдугу боюнча Евразиядан кийинки экинчи континент. Африканын аянты (аралдары менен) — 30 221 532 км². Африка жер бетинин 6 %, жана кургактыктын 20,4 % ээлейт. Африканын калкы - 960 миллион адам (2005). Бул бүткүл жер калкынын 14 % түзөт. Африкада мамлекет жана көзкаранды жерлердин[1] жалпы саны — 62 (алардын 54 эгемендүү). Буларга 10 аралдык, 15 ичкиконтиненталдуу жана 37 деңиз жана океанга чыкчу жолу бар мамлекеттер кирет. Африканын мамлекеттерин 4, түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш аймактарга бөлүнөт.
Континент түндүгөн Жерортолук деңиз менен,түндүк-чыгышынан Суэцк каналы жана Кызыл деңиз менен, чыгыш жана түштүк-чыгышынан Инд океаны менен жана түштүк-батышынан, батышынан жана түндүк-батышынан Атлантика океаны менен курчалган.