Алмата (каз.Алматы, муруңку аталыштары Верный жана Алма-Ата) — Казакстандын эң чоң шаары, мурдагы борбор шаарларынын бири. Алматыда 2 205 926 адам жашайт (2023). Мурун Казак КСРдин борбору болгон, бирок Казакстан эгемендүүлүккө жеткенде, Казакстандын биринчи өлкө башчысы Нурсултан Абишевич Назарбаев өз буйругу менен өлкөнүн борборун Алматыдан Астанага которгон.