From Wikipedia, the free encyclopedia
Чилиликтер (өздөрүн чиленьос деп аташат) - Чилинин негизги калкы.
Чилиликтер | |
| |
Chilenos | |
---|---|
Мамлекеттер жана аймактар | |
Бардыгы: 19,212,362 | |
Тили | |
Дини | |
Расалык тиби |
Ошондой эле Аргентина, Америка, Европа, Австралия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 16,8 млн киши, а. и. Чилиде 11,4 млн (2008). Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - негизинен католиктер, протестанттар да бар. Чилиликтер үч негизги элден турат: испан тилдүү Чилиликтер (калктын 60% ин түзөт); Европа, Азия жана Америка өлкөлөрүнүн иммигранттары жана алардын тукумдары (саны 600 миңге жетет); индейлер (калктын 4% ин түзөт). Чилиге 16-18-кылымда басктар, галисийлер, испандыктар ж. б., 19-20-кылымда Италия, Франция, Германия, Хорватия өлкөлөрүнөн жана Британ а-нан иммигранттар (негизинен испандыктар, италяндар, немецтер жана югославдар), ошондой эле араб-палестиналыктар көчүп келип отурукташкан. Мындан тышкары Чилиде еврейлер, швейцардыктар, гректер, голланддар жамааты бар. Ч. тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайларында, мал чарбачылыкта, дыйканчылыкта жана токой чарбасында иштешет.
Жалпы диаспора 1,037,346
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.