From Wikipedia, the free encyclopedia
Социология (латын тилинен societas- коом жана logos- илим, билим) - коом бир бүтүн система катары жана айрым коомдук институттар, процесстер, топтор, инсан менен коом мамилелери, адамдардын массалык жүрүш-турушунун закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим.
Социология деген эмне?
Социология адам коому жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер тууралуу системалар жана объективдуу илим болуп саналат. Социология предмети дүйнөну жана коомду бирдикте-айрым адамдар, адамдардын тобу жана мекемелер жараткан баалуулуктарды жана көз караштарды, ошондой эле аларды озгортуучу кучторду кеңири кароого мүмкүндук берет.
Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөнүн көп сандаган жолдору бар. Социология менен таанышууну бул илимде колдонулуучу ыкма-социология предметин изилдөөнун озгочо методикаларын кароодон кийин баштаган туура.
Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөчү өзүнүн ыкмаларында социология илимий мүнөздөгү методдорду колдонууга аракеттенет. Бул социологдор интуицияга, ишенимдерге же уккандарга таянбай дегенди билдирет. Алдын ала коро билген окумуштуу изилдөөчүлөр адамзаттын бүткүл тарыхында адамдардын бири-бири жана аларды курчап турган коом менен өз ара мамилелерин жазып келишкен. Шекспирдин пьесаларында Вольтердин эссесинде, Дикенстин романдарында мына ушулардын баарында адамзаттын өз ара карым-катнаштарында жана коомдук системаларга даанышмандык менен талдоо жүргүзүлгөн. «Озун озуно сак бол, бирок кошунанды ууру тутпа», «Өзүңдөн чыккан жат жаман» деген элдик макалалардын коомдук мааниси өтө терең. Ошондой болсо да, социологдор мындай көз караштарга макул болбосо жана анча ишенбесе да ал көрүнүшторду түшүндүрүү жана далилдөө үчүн аларды негиз кылып алууга мажбур болушат. Ал эми алар адам коомунун тиричилигин изилдөө жолу менен алынган илимий маалыматтарга таянышат.
Социологдор мүмкүн болгон бардык учурларда биология жана физика ондонгон табигый илимдер колдонуучу изилдөө ыкмаларын пайдаланышат. Алар көбүнчө илимий ыкмаларды пайдалануу менен изилдөө жургузушот, башкача айтканда текшерүүгө мүмкүн болгон гипотезаларды жаратат жана ал гипотезаны кабыл алуу же четке кагуу кандай натыйжалардын негизинде болорун алдын ала билишет. Башка окумуштуулардай эле, социологдор объективдуу мүнөздөгү эмоциялардын, же кандайдыр бир артыкчылыктардын эсебинен бурмаланбаган корутундуларды жасоого натыйжаларга ээ болууга аракеттенишет. Илимий методдордун жардамы менен мына ушундайча изилдөөнун натыйжасында социология адабият, дин жана философия сыяктуу илимий негиздеги эмес гуманитардык тармактардан айырмаланып турат. Социолгоиянын акыркы максаты коомдук көрүнүшторду түшүндүрүүчу жана айрым учурларда алдын ала айтуучу так илимий билимди жаратуу болуп саналат.
Ал эми адамдарды изилдөөдо толук объективдуу болуу өтө кыйын жана социологияда илимий методдорду колдонуу көп проблемаларга коз каранды. Адам таштан, жылдыздан же газдын молекуласынан айырмаланып, сезимге, ой жугуртууго ээ болгон жана жеке кызыкчылыктары бар өтө татаал тируу организм болуп саналат. Оздору изилдей турган предметтер сыяктуу эле, социологдор, моралдык касиетке ээ болгон татаал тируу организм экендиги тууралуу факт, изилденуучүлөрго жана ал методдор үчүн пайдалануучуларга белгилуу бир кескин чек коёт. Мисалга алсак социологдор балдарды суйуусуно же оорчуп осушуно тыюу сала албайт. Ошондой эле, адамдардын согуш мезгилиндеги мамилелерин байкоо жана алардын согушта чыдоо жондомдуулугун изилдөө максатында алар согуш баштай албайт жана согуштун мындай шарттарын түзө албайт.
Адам табигый илимдер изилдей турган объекттерден өтө айырмалангандыктан көп социологдор бул илимдерде колдонулуучу методдорду өзгөртүшөт жана толукташат. Социологдор, социологиялык чындыкка ээ болуу кыйла даражада изилдөөчунун жеке билимине байланыштуу деп эсептешет. Мындай позицияны немец социологу Макс Вебер пропогандалаган, ал адамдын жүрүм-турумун түшүнүүнун эн жакшы жолу-изилденуучу объекттин аң сезиминде болуп жаткандарды түздөн-түз симпатиялык түшүнүү деп болжолдогон.
Көп социологдор адамзат тажрыйбасын толук түшүнүү үчүн табигый илимдерде колдонулучу методдор жетишсиз деп эсептешет. Социология жаатында жургузулуучу көп иштерди гуманитардык илимдер, озгочо философия менен окшоштугу бар. Изилдөө ыкмаларынын мындай айкалышуусу, так жана гуманитардык илимдердин байланышы социологияны азыркы учурдагыдай кызыктуу жана озуно конул бурдура тургандай илимдин тармагына айландырды.
Чындыгында ар бир адам тигил же бул даражада жалпы дүйнөнун жана адамзаттын жаратылышын түшүндүрүүчу озуно жаккан теориясы бар социологияга кызыккан изилдөөчу болуп саналат. Ал эми тескерисинче, табигый илимдер изилдей турган предметтер адамдарга жургузулуучу адаттагы тажрыйбалардын чегинен чыгып кеткен учурлар көп кездешет. Табигый илимдер изилдөөчү маселелердин жооптору көп учурларда адаттагы адамдар түшүнүүгө кыйын тилде жана символдордо баяндалат жана жазылат. Мына ошондуктан баарыбызга социология предмети өтө жакшы тааныш болгондуктан, социологиялык материалдар менен иштөөдө өтө кылдат болуу зарыл. Туура ой жүгүртүүлөрдөн келип чыккан жыйынтыктар жана аларды далилдөөчу аргументтер ката болуп калышы мүмкүн, чындыгында көбүнчө ошондой да болуп чыгат.
Көнүгүү:
Адамдын өзүн-өзү өлтүрүү жагдайларын карап королу. Өзүн өзү өлтүрүү жана анын себептери тууралуу томондо келтирилгендердин кайсынысы туура экендигин жуйолуу ой жугуртуу менен жооп бергиле.
Социологиянын негиздоочүлөрдун бири Эмиль Дюркгейм (1858-1917) алгачкылардан болуп системалык изилдөөлорду жургузгон жана коом жогорку онуккон денгээлге жетишкен учурда өзүн өзү өлтүрүү учурлары кескин кобойуп кеткендиги тууралуу маалыматтарды топтогон. Анын «Өзүн өзү өлтүрүү» деген китеби социология жаатындагы алгачкы илимий изилдөөлордон болуп калды. Мына ушундан кийинки илимий изилдөөлөрдүн маанилуу тармагы болуп калган өзүн өзү өлтүрүү проблемаларын изилдөө Дюркгеймдин эмгегиндеги маалыматтардай эле танкалаарлык натыйжаларды беруудо таблицаны кара.
Өзүн өзү өлтүрүү проблемалары бюнча жогорку далилдөөлордон биз эмнелерди биле алабыз? Туура ой жугуртуунун жана а[1]ларды далилдөөчу аргументтердин натыйжасында алынган маалыматтар ката болуп калышы мүмкүн жана негизинен көбүнчө туура эмес болуп чыгат. Биздин коомго жана адамдардын өз ара мамилелерине тийиштуу суроолордун туура жоопторун өтө дыккаттык менен объективдуу изилдөөлөрдүн натыйжасында алууга болот.
Өзүн өзү өлтүрүү кокусунан, эч себепсиз эле, өтө ачуулангандыктан бoло бербейт. Өзүнө кол салуу жагдайы адамдардын белгилуу бир тобуна, жашаган жерлерине жана мезгилге өтө байланыштуу боло тургандыгын өзүн өзү өлтүрүүлордун саны көрсөттү. Ар бир социалдык категорияларагы өзун өзү өлүмгө кыюу учурларынын белгилуу бир санын «алдын ала айтууга болот». Кайсы бир категорияларда ким өзүн өзү өлтүрө тургандыгын эч ким алдын ала айта албайт, ал эми кайсы категорияда өзүн өзү өлтүрүү өтө көп өлтүрө тургандыгын алдын ала так айтууга болот. Мисалы алсак, негрлерге караганда ак түстөгү адамдардын ичинде, аялдарга караганда эркектердн арасында уйлонгондорго караганда уйлонбогондордун арасында жана кедей жашагандарга салыштырганда жакшы жашагандардын ичинде өзүн өзү өлтүрүү көптөгөн жылдардан бери осуудо. Жогорудагы айтылып кеткен «социалдык жагдайды» өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн негизинде кандай жыйынтык чыгарууга болот? Албетте өзүн өзү өлтүрүү-бул жашоодон кескен жеке адамдын өзүнүн гана жасаган иши деп ойлойсун. Тилекке каршы, адам көбүнчө белгилүү бир соиалдык кырдаалдардын таасиринен мындай чечимге келет. Ал эми бул факт өзүн өлтүрүү жеке адамдын өзүнүн гана эмес, коомдун таасиринен, б.а.адамдын жүрүм-туруму анын социалдык чойро көп таасир эткендигинен боло тургандыгын көрсөтөт. Өзүн өзү өлтүрүүнүн мындай социалдык жагдайларынын негизинде адамдын жүрүм-туруму анын социалдык айлана чөйрөлөрүнүн, үй-бүлөнүн, общинанын, этникалык топтордун, уюмдардын жана тарыжый доорлордун натыйжсында калыптанат деген жыйынтыкка келүүгө болот. Мына ушундай жыйынтык адамдын жүрүм-турумунун бардык түрлөрү үчүн социологиядагы негизги жобо болуп саналат, б.а.адамдын жүрүм-туруму коом жана социалдык кырдаалдар тарабынан калыптанат.
Ар бир илимдин озуно берилген эн негизги суроосу «эмне үчүн?» болуп саналат. Жонокой суроодой болуп көрүнгөнү менен «эмне үчүн?» деген суроо кыйла жалпылоочу жана көп нерсени ичине камтыган, ошондой эле көптөгөн суроолордон жаралган суроо: Белгилуу бир жагдай кандайча пайда болду? Кандай өзгөчө кырдаалдарда? Кандай процесстердин таасири жана кайсы механизмдердин катышы менен? Башкача соз менен айтканда кайсы көрүнүштөр экендигин жана күчүндо сакталып калышын толук же бир аз денгээлде кандайча түшүндүрүүго болот? Бардык бул суроолор «эмне үчүн?» деген кыйла жалпы суроого жооп берүүгө жардам берет. Ал бизди эмне үчүн адам өзүн өзү өлтүрүүгө барат деген суроо социология кандай жооп бере тургандыгы кызыктырат. Бул суроонун жообун толук түшүнүү дегендик коомдук илимдердин арасынан социологиянын ээлеген ролун жана билимди өнүктүрүү жаатында бул илимдин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү дегендик. «Эмне үчүн?» деген социологиялык суроону талкуулоодон мурун эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүрүшөт деген суроого башка илимдин тармактарынан алынганүч жоопту карап көрөбүз.
Адамдын биологиялык факторлорун, биографиясын жана жеке инсандык өзгөчөлүтөрүн билуу өзүн өзү өлтүрүүнун себебин туура тушундурушу мүмкүн. Биологдор, жеке иш алып баруучу детективдер жана психологдор мына ушул багытта билим алышат. Ал эми социологдор кандай негизде иштешет? Социологдор болсо өзүн өзү өлтүрүүну биологиялык факторлор, биографиялык фактылар же жеке инсандык касиеттери менен байланышта карабастан, коомго байланышта карайт. Болгон ар бир озун олтурууну социолог социалдык жагдайлардын жана кырдаалдардын негизинде тушундурушот.
Бирок социология жалпысынан алганда негизинен конкреттуу индивидиуумдун өзүн өзү эмне үчүн өлтүргөндүгүнө (кылмыш иш жасадыбы же жумушсуз калдыбы) конул бурбай тургандыгын кошумчалап айта кетуу маанилуу. Социология адамдын өз жанынан кечүүгө жасаган аракетине эмес, ошол кырсык болгон жердеги социалдык чөйрөгө же шарттарга негизинен көңүл бурат.
100 миң калктын ичинен өзүн өзү өлтүргөндөрдүн саны, жынысына жана жашына карата бөлүнгөн.
Социологдор өзүн өзү өлтүрүүну көбүнчө адамдын жалгыз өзүнүн гана иши эмес, «социалдык факт» же социалдык көрүнүш катары карайт. Социолог эмне үчүн айрым адамдар өзүн өзү өлтүргөнүн эмес, эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүү бир чойрого караганда башка бир чойродо көп же аз экенин аныктоого умтулушат. Алар томонкудой суроолорго жооп издешет: эмне үчүн шаарларга караганда айыл жерлеринде (батыш олколоруно карата алганда) өзүн өзү өлтүрүүнун пайызы томон же италиялыктарга салыштырганда австралиялыктар эмне үчүн өзүн өзү өлтүрушот? (Жогорку таблицаны кара) Мисалга алсак, айыл жерлери жана Италия үчүн кандай муноздомолор окшош болуп саналат жана ал окшош муноздомолор кандай даражада өзүн өзү өлтүрүүгө байланыштуу? Бул суроолордун жооптору ал көрүнүшторго толук түшүнүк бере албайт жана айрым бир жеке учурлардагы озун олтуруулорду алдын ала айтууга кээде гана мүмкүн берет, бирок ал жооптор өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү кеңири маалыматтын булагы гана болуп саналбастан, адамдын социалдык жашоосунун фундаменталдуу мунозу тууралуу да түшүнүк берет.
Ал эми социология жалгыз кишини изилдебестен коомго гана көп конул бурат деп айтуу да туура эмес. Адамдын журуум-турумун толук изилдөө социологиянын негизги милдети болбосо да, «коом» деп аталган абстрактуу түшүнүкту адамдар тузорун жакшы билишет; ал эми коом жеке адамдардын бири бири менен өз ара карым катнаштарынын натыйжасында тузулот. Мына ушундайча тузулгон коом жана өзүнүн ар бир мучосуно өзүнүн таасири (жогоруда келтирилген өзүн өзү өлтүрүүнун мисалынын учурундагыдай) социологдордун көпчүлүгү үчүн негизги кызыгууну туудурат, ошондой эле көп социологдорду коомдогу адамдардын ортосундагы өз ара карым-катнаш процесстери озунчо да кызыктырат. Адамдардын өз ара мамилелеринин натыйжасында коом кандайча тузулот жана кун сайын кандайча озгорулуп турат?.. Социологиянын негизинен коомду жана коомдогу адамдардын өз ара ммилелерин кароочу болуму кийинки главада берилет.
«Коом» же «коомдо жашаган адам» сыяктуу абстарктуу түшүнүкторду пайдаланып, социолог жогоруда айтылган өзүн өзү өлтүрүүнун социалдык мунозун кандайча тушундуро алат? Эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүү Ньюйоркко караганда Миссисипинин айрым райондорунда кыйла томон жана Австрияга караганда Италияда өтө аз? Бул суроолорго толук социолгиялык жооп алуу үчүн көп убакыт талап кылынат, ал эми социологияга тийиштуу изилдөөлөрдүн мунозун кыскача талкуулоо социологиялык ой жугуртуунун табиятын жакшы түшүнүүгө мүмкүндук берет.
Озун олтуруунун пайызы томон болгон эм топторунда, общиналарда жана коомдордо эмне үчүн алардын мучолору өз жанынан кечууго аз барат? Бул социологиялык топтор башкаларга караганда кыйла биримдиктуу, чогуу же «тыгыз байланышта» экендиги алынган социологиялык жооптордон корунуп турат. Бул топтордогу айрым адамдар алдына чон максат, умут коюп жашагандар; алар белгилуу бир статуска ээ; алар озун озу алып журушу кыйла ачык корунот; алар оздорун жеке мүмкүнчулукторунун чегинен тышкары жогорку денгээлдеги инсан же социалдык топтор оздорнун айрым мучолорун көп контролдошот жана жеке журуш-турушуна өтө катуу тышкы тыюууларды салышат.
Бул социалдык муноздомолор бүткүл дүйнө жузундогу туруктуу, каада-салттуу жана динди катуу туткан топтордо, общиналарда жана коомдордо өтө кеңири таралган. Мына ушундай гана топтордо өзүн өзү өлтүргөндөрдүн пайызы өтө томон. Жеке адам менен адамдын топторунун ортосундагы байланыш ушунчалык өтө күчтүү болгондуктан, ал топ адамдын омурун кыюуга жол бербейт, ал тургай ал жонундо ойлоого да мүмкүндук бербейт. Бул жерде адамдын омуру же адамдын өзүнүн гана кызыкчылыгы менен олчонбостон, жалпы адамдардын ой-максаттарына тыгыз байланышта болот.
Тескерисинче, өзүн өзү өлтүргөндөрдүн эн чон пайызы озумчулдук негизги орунду ээлеген топтордо, байланышы начар топтордо, кызыкчылыктары шектенуулорду туудурган топтордо, эркиндикке ээ болгон жеке адам өзүнүн жашоосунун каалагандай жургузгон жана социалдык болунуу байкалган жерлерде кездешет. Социалдык жактан озунчо жашаган адамдардын жашоосу көбүнчө адамдардын топторунун күчтүү ой-максаттарынын ордуна жеке кызыкчылыкка баш иет. Эгерде адамдардын тобунун күчтүү ой-максаттары жок болсо, мындай жеке кызыкчылыктар адам өз жашоосунда күчтүү эркке ээ болуш үчүн көбүнчө жетишсиз болуп саналат. Мына ошентип, жогоркулардан тышкары, өзүн өзү өлтүрүү жеке башынын эркиндиги үчүн озун курмандыкка чалышы деп айтсак да болот. Социолог жогоруда айтылгандарга эч кандай моралдык баа бербейт; өзүн өзү өлтүрүүлордун пайызы томон же жеке эркиндиги жогорку даражада болгондуктан, бир коом башка коомга караганда жакшы деген болжолдоолорду келтируу социологиянын милдетине кирбейт, мындай моралдык же саясый ой-толгоолор коомдук илимдердин чегинен тышкары иштер. Ал эми социология мындай ой-толгоолордун негизин тузуучу баалуу так маалыматтарды бере алат.
«Талкууланып жаткан» маселени тереңдетуу максатында озун олтуруунун озгочо бир турун айта кетуу керек, себеби ал АКШда көп кездешүүчү адамдын озуно озу кол салуу учурларынан өтө айырмаланат, озун олтуруунун бул туру негизинен күчтүү топтордун тасиринен болот. Мунун эн жакшы мисалы япондук камикадзе-учкучтар, экинчи дүйнөлук согуш учурунда япон улутун коргоо үчүн алар курмандыкка өз каалоосу менен барган. Башка дагы бир мисал, үй-бүлөсүнө жүк болбоо үчүн картан эскимостордун озун олумго кыюу салты жана олгон куйоосунун соогун орттоп жатканда, кошо орттонуп олгон индиялык жесир аялдар. Бул учурларда озун олтуруунун себеби, озун начар адам эмес, эрки күчтүү адам катары далилдөө максаты. Озун олтуруунун мындай туру, б.а.топтун кызыкчылыгы жеке адамдын омурунун жогору коюулгандыгынын натыйжасында адам озун олтурушу келип чыкса, альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү деп аталат. Ошондой эле альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү же адамдын жеке кызыкчылыктарынан келип чыккан озун олтурууго караганда моралдык жактан башкача бааланат. Альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү Дюркгеймдин классификациясы боюнча озун олтурунун торт турунун бири болуп саналат. Өзүн өзү өлтүрүүнун эгоисттик, аномикалык жана фаталисттик деген негизги уч туру бар, алар томонку таблицада кыскача баяндалып жазылган.
Социологиялык түшүнүктун акыркы бир аспектисин айта кетуу зарыл. Эгерде озун олтуруу топтогу адамдардын байланышынын күчтүү экендигинен болсо, анда эмне үчүн адамдардын кээ бир тобу чогуу же тыгыз байланышта болот, ал эми башка бир топтору ыркы жок жана бири-бири менен байланышта эмес? Айыл жерлерине караганда адатта шаарлардагы адамдын ортосундагы карым-катнаш эмне үчүн начар болот? Бул суроонун жообу биологиянын же психологиянын негизинде берилиши ыктымал. Шаарларда жашаган адамдардын биологиялык жана психологиялык шарттары айырмалана турганын айтууга болот. Бирок, шаарда жашаган адамдардын айылда жашагандардан биологиялык айырмалуу ыктымалдуулугу өтө аз, ал эми шаар жана айыл жерлериндеги адамдардын психологиясынын ортосундагы айырмачылыктарынын баары алардын тубаса озгочолукторунон эмес, алардын социалдык шарттарынын ар турдуу экендигинен келип чыгышы ыктымал. Ал эми адамдардын топторунун ортосундагы айырмачылыктарынын себептери эмнеде? Өзүн өзү өлтүрүү учурундагы адамдардын журуш турушунун жеке озгочолукторун тушундургондой эле социологдор социалдык кубулуштардын себептерин же «топ болуп жашаган адамдардын жүрүм-турумун» социалдык башка көрүнүштордон табууга аракеттенишет. Община жана коом, мисалга алсак, негизинен социалдык институттардын өз ара таасир этуу жолу аркылуу калыптанат. Үй-бүлө экономика аркылуу калыптанат, экономика Окмот аркылуу калыптанат, окмот мыйзам аркылуу калыптанат, мыйзам болсо мораль аркылуу калыптанат., дагы ушул сыяктуу. Мына ошентип кайсы гана социалдык чойро болсо да бири-бири менен өз ара таасир этуучу коомдук кучтордун татаал чырмалышуусу болуп эсептелет. Мына ушул себептен ар кайсы олколордо жашагандарды же жада калса адамдардын ар турдуу топторун ар тараптан жалпылоодо өтө этияттыкты сактоо зарыл. Адатта көп олколордо улгайган адамдардын арасында өзүн өзү өлтүрүү пайызы жогору деп айта алабыз, ал эми озун олтуруу айыл же шаар жерлеринде ар дайым өтө коп деп айта алабыз. Мисалга алсак өзүн өзү өлтүрүү учурлары шаарларда көп кездешкен. Америкадан айырмаланып, Японияда озун олтуруу пайызы айыл жерлеринде жогору. Улгайган адамдар Японияда көбүнчө кирешеси аз жана социалдык камсыздоо системасы начар айыл жерлеринде жашашат (22). Социология деп аталган илимдин милдети өз тармагындагы жана башка чойролордо социалдык чындыктын татаал айкалыштарын изилдөө болуп саналат.
Көнүгүү: Автор жогорудагы текстте өзүн өзү өлтүруну олумго учуроонун себептеринин эн башкысы катары баяндайт. Силердин оюнар боюнча озунордун олконордо олумго учуроонун жана ооруга чалдыгуунун башкы себептери кайсылар? Бул тууралуу маалыматты кайдан табарынарды жазгыла. Керектуу маалыматтарды тапкандан кийин томондогулорду жазгыла:
Табиятты жана физикалык дүйнөну системалык турдо изилдөөчу табигый илимдерден айырмаланып коомдук илимдер илимий ыкмаларды колдонуу менен коомду жана адамдын жүрүм-турумун изилдейт. Социология озу пайдалануучу методдордун натыйжасында табигый илимдер менен тыгыз байланышкан. Ал ошондой эле башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта, анткени алар изилдөөнун жалпы предмети бириктирип турат. Социологиянын, экономиканын, психологиянын, антропологиянын жана тарыхтын ортолорундагы чектер көбүнчө жоюулуп кетет. Мисалга алсак, кирешеси жакырчылыктын денгээлинен томон болгон шаарларда жашагандардын проблемаларын изилдөө да урбанисттик социология, үй-бүлө экономикасы же урбанисттик социология үй-бүлө экономикасы менен урбанисттик политология сыяктуу илимдерин изилдөөчу предмети боло алат. Ал эми чыкдыгында алардын ортосунда чек бар жана так социологиялык көрүнүшту тузуу үчүн бардык коомдук илимдерди түшүнүү зарыл.
Экономика товарларды ондуру, болуштуруу, пайдалануу жана тейлоо тармактарын изилдей турган илим. Экономика менен социологиянын экоонун ортосундагы эн маанилуу байланыштыруучу муун экономикалык тармактагы социалдык негиз болуп саналат. Банкка акчалар озу эле келип тушпойт же счеттон озу эле алынбайт же кандайдыр бир кучтун таасири менен иштелбейт. Алардын жумушка орношуу жана балдарын окутууга каражат топтоо же уй сатып алуу максатында кайсы бир социалдык чечимге келген адамдар гана банкка салат. Начальнигинин кол алдында иштегиси келбей озунчо иш баштагысы келгендер же кошунасыныкындай кийим кийгиси келгендер, же жумушсуз жургон адамдар счеттон акча алышат. Ал эми башка бир байланыштыруучу муун коомдогукарым-катнаштардын көп түрлөрүнун экономикалык негизи болуп саналат. Коомдун жашоо тиричилиги үчүн экономикалык жана материалдык кызыкчылыктар чон таасир тийгизет.
Политологиянын конулунун борборунда окмот жана саясый бийликти пайдалануу турат. Окумуштуу политологдор башкаруу системасынын тузулуш лпринциптерин жана саясый процесстердин орчушун изилдешет. Социрлогодор ошондой эле саясый багыттагы суроолорго-эмне үчүн адамдар саясый кыймылдарга бириге тургандыгын же кайсы бир саясый көз караштарды колдой тургандыгынынын себептерин, саясый жана башка коомдук институттардын ортосундагы өз ара байланыштарды билууго кобуроок кызыгышат. Кийинки жлдары политология менен социология пайдалануучу ыкмалары, изилдөөчу предметтери жана түшүнүктору боюнча жакындашып кетишти, мына ушуга байланыштуу аларды ортосунда болуп чек жургузуу мүмкүн болбой калды.
Көнүгүү: Бир барак кагаз алгыла да томонку тармактарда: -балдарды тарбиялоо -улгайган адамдарды кароо -жаштардын жүрүм-турумуна коз салуу -кылмышкерлердин бетин ачуучу иштерин контролдоочу, уюштуруучу милдеттерин аткаруучу саламаттыкты сакто жана социалдык жактан жардам корсотуудо иштеген кесиптештердин тизмесин жазгыла. Бул адистегилер социалдык контролдоо маселелери менен канчалык тыгыз байланышта экендиги жонундо ойлонгоула. Бул эки кесипти озунчо эки болуп кароого болобу.
Откон окуялардын себептерин, алардын иретин жана маанисин аныктоого аракеттенип откон мезгилдерге серп салып королу. Тарыхый изилдөөлор адамдардын жонокой баяндап жазууларын жана мезгилдер аралыгындагы жалпы социалдык багыттарга байкоо жургузуулорду басып отту. Социологдор өз кезегинде тарыхый изилдөөлордон көп маалыматтарды алды. Мисалга алсак, социологдор тарыхка XIX кылымда батыш олколорундо жана бугунку куну Африка менен Азиянын онугуп келе жаткан олколорундо индустриалдаштыруунун социалдык натыйжаларын салыштыруу үчүн кайрылышкан. Биздин текстте да азыркы кездеги көптөгөн социалдык көрүнүшторду чагылдырууга мүмкүндук беруучу тарыхый шилтемелер көп келтрилет.
Психология негизинен адамдын мээсинде журо турган процесстерди изилдейт. Психологдор логикалык ой жугуртуу, эс акыл, кабыл алуу, коруу жана чыгармачылык жондомдуулук, ошондой эле невроз, ички психикалык конфликттер жана ар кандай эмоциялык абал сыяктуу мээнин иш аракетин изилдешет. Пихология негзинен социологиядан адамдардын социалдык тобуна эмес жеке тажрыйбага көп көңүл боло тургандыгы менен айырмаланат. Ал эми социалдык психология-ар бир адамды курчап туруучу социалдык чойро инсанга жана жүрүм-турумга кандайча таасир этерин изилдөөчу илим-социология менен тыгыз байланышта жана экоонун тен изилдөөлорун жана ыкмаларын колдонот. Макалдарга карата жакында эле социалдык психологдор тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мисалдары «Акылдулук же илимий даанышмандык» деген болумдо келтирилген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.