From Wikipedia, the free encyclopedia
Элебай уулу Мукай (1906–1944) — кыргыз акыны, жазуучусу жана котормочусу. Мукайдын өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз адабиятында терең из калтырган.
Мукай Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Таш айылында 1906-жылы туулган[1] [2]. Ал тогуз жашында жетим калды[3].
1916-жылы ал эл менен бирге Үркүн натыйжасында Кытайга көчүүгө аргасыз болгон, 1919-жылы кайрадан Ысык-Көлгө иниси Беккулу менен кайтып келген[3][4]. 1921-жылы Мукай Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу жатак мектепке кабыл алынып, кийинчерээк Түптөгү айыл-чарба кесип мектебинде үч жыл окуган. Андан соң Фрунзедеги борбордук мугалимдик кесип мектебине өтүп, бул окуу жайды 1930-жылы аяктаган[1].
Мукайдын чыгармачылык жолу 1925-жылы «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланган «Зарыгам» аттуу ыры менен башталган[5][2]. Анын биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы жарык көргөн. 1934-жылы ал КСРБ Жазуучулар бирикмесине мүчө болгон. Мукайдын чыгармалары советтик кыргыз адабиятында өзгөчө мааниге ээ, анын ичинде 1936-жылы жарык көргөн «Узак жол» аттуу өз өмүр баяны тууралуу романы кыргыз адабиятындагы алгачкы роман болуп эсептелет[6] [7].
Ал жазуучулук менен катар чебер котормочу катары да белгилүү болгон. Элебаев Гогольдун «Шинель» жана «Өлүк жандар», Толстойдун «Хажы Мурат», Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» сыяктуу чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Мукай Экинчи дүйнөлүк согушта Кызыл армиянын жоокери болуп, 267-аткычтар бөлүмүнүн атчысы катары кызмат өтөп жүрүп, согуш талаасында жаракат алып, 1944-жылдын 15-бугу айында Псков облусунда каза болгон[8].
Анын урматына Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылындагы жана Ош облусунун Базар-Коргон районундагы мектептерге анын ысымы ыйгарылган.
«Узак жол» романы орус, латыш, түрк тилдерине которулган. «Кыйын кезең» түрк тилине да которулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.