Жаңы-Арык (Жумгал району)
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жаңы-Арык — Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1347 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. [1]
Отурукташкан жай
Жаңы-Арык
|
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.