From Wikipedia, the free encyclopedia
Базар, очор - соода кылуучу жай. Базар байыркы түрк (кыргыз) сөзү. Өз ара тилдик, чарбалык-экономикалык алакалашуулардан орус жана башка тилдерге өткөн. Базар жана соода көчмөн жана отурукташкан элдер үчүн эки тараптуу пайдалуу болгон. Эки тарап тең зарыл нерселерди сатып же башма-баш алмаштыра алышкан. "Товар" сөзү да байыркы түрк тилинде колдонулган. 11-кылымда энциклопедист Махмуд Кашкари: "Таwar- бул сатуучу үчүн атайын бөлүнгөн мал" деген түшүндүрмө берген. Чыгыштагы шаарлар соода борборлору катары өсүп чыгышкан. Базарда чарбалык керектөөлөр гана канааттандырылбай, кошуна өлкөлөрдүн, элдердеги экономикалык абал, саясий кырдаал, мамлекеттин ичиндеги чарбалык жана саясий абал жана башка маалыматтар талкууланып турган. Базардагы баага карата түшүмдүн, малдын, кол өнөрчүлүк буюмдарынын өздүк наркы бааланган. Эмгек рыногунун маанилүү бөлүгүн анализдөө.[1]
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.