15-ноябрь — жылдын 319-чү күнү (толук жылда 320-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 46 күн бар.
- 2003-жылы: Президент Аскар Акаев Эл аралык валюта фондунун 2-Европа департаментинин башчысы Жон Одлинг Сми менен жолугушкан.
- 2006-жылы: Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөр ортосундагы кызматташуусунун VI форуму башталган.
- 1492-жылы: Христофор Колумб биринчи жолу индейлер чеккен тамеки жөнүндө эскерген.
- 1670-жылы: Чехиялык окумуштуу, педагог Ян Амос Коменский көз жумган.
- 1904-жылы: Америкалык Кинг Кемп Жиллетт алмашуучу лезвиясы бар устараны өзүнө патенттеп алган.
- 1907-жылы: Адольф Гитлердин өмүрүнө кол салынган белгилүү 1944-жылдын 20-июль окуясынын негизги катышуучуларынын бири, жардыргыч затты иштеткен полковник Клаус Шенк фон Штауффенберг жарык дүйнөгө келген.
- 1934-жылы: СССРде биринчи жолу үн коштолгон телекөрсөтүү жүргүзүлөт.
- 1945-жылы: “АВВА” тобунун ырчысы катары таанылган Анни-Фрид Лингстад төрөлгөн.
- 1954-жылы: Польшанын 7-президенти (1995-2005-ж.ж.) Александр Квасьневский туулган.
- 1956-жылы: Нью-Йоркто Элвис Пресли катышкан “Мени назик сүй” деген биринчи тасмасынын премьерасы болуп өткөн.
- 1964-жылы: Пакистандын биринчи президенти Искандер Мирза каза болгон.
- 1982-жылы: Москвада, Кызыл аянтта Леонид Брежнев менен коштошуу салтанаты болуп өткөн.
- 2003-жылы: Стамбулда террористтик жардыруу болуп, 23 адам көз жумган.