Тынч океан франкы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Remove ads
Тынч океан франкы, КФП франкы (белгиси: XPF; коду: 953) — Франциянын деңиздик аймактарында жүгүртүүдөгү валюта.[1]. Бир тынч океан франкы 100 сантимден турат. Франциянын төмөнкү деңиздик аймактарында расмий валюта болуп саналат:
Remove ads
Remove ads
Тарыхы
1945–1949
КФП франкы 1945-жылы декабрда, Африкада колдонулган КФА франкы менен биргеликте, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин француз франкынын наркынын алсыздыгынан улам түзүлгөн. Франция 1945-жылдын декабрында Бреттон Вудс келишимин ратификациялаганда, АКШ доллары менен туруктуу алмашуу курсун белгилөө үчүн француз франкы девальвацияланган. Француз колонияларында 1945-жылдын декабрындагы девальвациядан кийин экономикалык жактан жабыр тартпоо үчүн жаңы валюталар түзүлгөн.
Башка француз колониялык валюталары француз франкы менен туруктуу алмашуу курсу менен белгиленген. Бирок, КФП франкына АКШ доллары менен туруктуу алмашуу курсу коюлган, бул экинчи дүйнөлүк согуштун кийин Франциянын Тынч океанындагы аймактарынын экономикасында АКШ чоң ролду ээлегенине байланыштуу болгон. Бул абал 1949-жылдын сентябрь айында КФП франкына француз франкы менен туруктуу алмашуу курсу белгиленгенде аяктаган.
1949–1985
Валюта алгач Француз Полинезиясы, Жаңы Каледония жана Жаңы Гебрид аралдары үчүн үч башка формада чыгарылган. Уоллис жана Футуна аймагы Жаңы Каледония үчүн чыгарылган франкты колдонгон.
Банкноттор биринчи жолу 500, 1000 жана 5000 франк номиналдарында чыгарылган. 1969-жылы Жаңы Гебрид франкы КФП франкынан бөлүнүп, Вануату Республикасынын расмий валютасын колдоно баштаган, 1982-жылы Вануату Республикасынын вату аталыштагы улуттук валютасы чыккандан кийин толугу менен ватуга алмаштырылган.
1985-жылдан бери

Эң чоң номиналдагы 10 000 франк банкноту биринчи жолу 1986-жылы чыгарылган.
2014-жылы Жаңы Каледонияда жана Француз Полинезиясында бирдей жаңы банкноттордун дизайны киргизилген. Бул банкноттордун өлчөмдөрү кичирейтилген. Банкноттордун бир тарабында Француз Полинезиясынын, ал эми экинчи тарабында Жаңы Каледониянын ажайып жайларынын, табиятынын же тарыхый инсандарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн.
Монеталар 2023-жылга чейин Жаңы Каледония жана Француз Полинезиясы үчүн, 1, 2, 5, 10, 20, 50, жана 100 франк номиналдарында чыгарылып турган. Бул монеталардын бир бети окшош болгон, ал эми экинчи бетине Жаңы Каледониянын же Француз Полинезиясынын жергиликтүү пейзаждарды, флораны жана фаунаны чагылдырган ар кандай дизайндар колдонулган. Экинчи бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн айырмасына карабастан, бул монеталар бардык аймактардарда тең жана бирдей колдонулушу мүмкүн.
2021-жылы үч аймакта тең бирдей дизайндагы жана жаңы сериядагы өлчөмдөрү кичинекей монеталар киргизилген. 1 жана 2 франк номиналындагы монеталарды чыгаруу токтотулуп, жаңы 200 франк номиналындагы монета киргизилген. Эски монеталар 2023-жылдын январь айында жүгүртүдөн алынып салынган.
Remove ads
Монеталар
Remove ads
Банкноттор
Алмаштыруу курсунун режими
Google Finance (.../XPF): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Yahoo! Finance (.../XPF): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
XE.com (.../XPF): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
OANDA.com (.../XPF): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
Тышкы шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Remove ads