Жаңы Гебрид аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жаңы Гебрид аралдары – жанар тоонун атылышынан пайда болгон архипелаг. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө. Вануатуга карайт. Аянты 14,8 миң км2, бийиктиги 1860 мге чейин. 60ка жакын жанартоо бар, анын 10у аракетте. Климаты тропиктик, нымдуу. Абанын айлык орточо температурасы 20–27ᵒС. Жылдык жаан-чачыны 1000 мм. Түндүгүндөгү аралдарын тропик токою, түштүгүндөгүлөрүн саванна ээлейт. Калкы 200 миңдей (2008). Бал камыш, кофе, какао, пахта өстүрүлөт. Эфат аралында Вануатунун административдик борбору жана порту – Вила шаары жайгашкан. Жаңы гебрид аралдарын 1606-ж. португалиялык деңиз саякатчы П. Кирос ачкан; 18-кылымдын 70-жылдарында Ж. Кук изилдеп, атын койгон.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.