Кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер жана режиссер From Wikipedia, the free encyclopedia
Садык Шер-Нияз (төр. 10-март, 1969; Чоң-Капка, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, ошондой эле жазуучу, продюсер, кинорежиссер, сценарист. «Айтыш» коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш Фильм" киностудиясынын, «Кыргызстан – кыскаметраждык фильмдердин өлкөсү» эл аралык кинофестивальдын негиздөөчүсү[2], «Ак-Илбирс» кино сыйлыктын бирден бир негиздөөчүсү, Кыргызстан Кинематографисттер Союзунун Төрагасы. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Ыкчам фактылар Желек Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер Союзунун төрагасы желек, Андан мурунку: ...
Садык Шер-Нияз
Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер Союзунун төрагасы
Андан мурунку:
Артыкпай Сүйүндүков
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри[1]
2007—2009-жылдары Москвадагы сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курстарын бүтүргөн. (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында окуган).
Эмгек ишмердүүлүгү
1994—1996 — «Шер» өндүрүш-коммерциялык фирмасында юрист-консультант болгон.
1996—1998 — «Ачекей»" жеке ишканасынын директору болуп иштеген.
Саясий ишмердүүлүгү
1998 — 2004 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Палатасынын депутаттын жардамчысы.
2004 — 2007 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
2005 — "Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.
2010 — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңештин, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы Консультативдик кенештин мүчөсү болгон.
2010 — Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри кызматын аркалаган.
2012 – 2013 — «Замандаш-Современник» саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
2015-жылдын4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган