From Wikipedia, the free encyclopedia
Корук – коргоого алынган жаратылыш аймагы. Жалпы жаратылыш комплексин мурдагы калыбында өзгөртпөй сактоо максатында уюштурулат. Мында чарбалык иштер жүргүзүлбөйт. Адатта, Корук үчүн белгилүү географиялык зонага өтө мүнөздүү жерлер же илимий жактан өтө баалуу табигый объектилер (айбанат жана өсүмдүк түрлөрү, тоо байлыктары ж. б.) бөлүнүп берилет. Анда жаратылышка ар тараптан илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Кыргыздарда айдоо, эгиндүү, чабынды ж. б. ушул сыяктуу мал кайтарылуучу жайыт жерлер да Корук деп аталат. Кыргызстанда Беш-Арал, Нарын, Сары-Челек, Ысык-Көл Коруктары бар. Ала-Арча, Беш-Таш, Чоң Кемин ж. б. улуттук жаратылыш парктары уюшулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.