From Wikipedia, the free encyclopedia
Кааба (ар. الكعبة «куб») – азыркы Сауд Арабиясынын диний борбору Мекке шаарындагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын узундугу 13м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м; пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Аллах асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо урулган. Каабанын үстүнө Курандын аяттары алтын жип менен жазылган кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле Каабага жарым аралда жашаган араб уруулары зыяратка келип турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда Каабаны карап («Кыбылага карап») турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Кыргыздын бай-манаптары 19–20-кылымдын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн Каабага барып, ажы болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге зыярат кылып, андагы Ислам маданиятына тийешелүү көптөгөн тарыхый эстеликтер менен таанышууга жакшы шарттар түзүлүп, ага баруучулардын саны улам арбып барат.
Ислам · Мечит · Ажы |
---|
Бөлүктөрүнүн курамы: |
1. Кара таш 2. Эшик 3. Таноо 4. Тырмакча 5. Хижр Исмаил 6. Мөлтазам 7. Ибрахим макамы 8. Кара таштын бурчу 9. Йемендик бурчу 10. Шамдын бурчу 11. Ирактык бурчу 12. Кисва 13. Ибрахим турган жер |
Дагы караңыз |
Бани Шайба • Замзам • Кибла • Таваф • Умра • аль-Харам |
Уикиказынада |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.