From Wikipedia, the free encyclopedia
Белгилүү тарыхчы, социолог, философ, саясатчы жана мамлекет кызматчысы Ибн Халдун аты менен таанымал болгон Абдуррахман Абу Зайд Валийуддин Ибн Халдун Малики Хадрами 27-май 1332-ж. (Рамазан башы 732-ж.) Тунуста төрөлүп, 15-март 1406-ж. (25-Рамазан 808-ж.) Каирде өлгөн.
Ибн Халдун Ислам цивилизациясынын күчтөн тайып начарлап баштаган, ал эми Европа цивилизациясынын жанданып өнүгүп баштаган доордо жашаган. Ошондой эле Ибн Халдун Ислам цивилизациясынын жаркырап жанган акыркы жылдыздарынан бири болуп саналат.
дун сүрөтү.]]
Ибн Халдун ар кайсы илимий тармактар менен алектенген ойчул жана илимпоз болуп саналат. Ал диний илимдердин жанында акылга таянган табигый так илимдер, философия, тарых, адабият жана искусство илимдери менен да алектенген.
Лубаб-ул-мухассал фи усули-д-дин (1351-ж.)
Шифа-ус-саил ли-техзиби-л-месаил (1372-1374-ж.)
Китаб-ул-ибер ж.б.
Ибн Халдундун Китаб-ул-ибер чыгармасы үч китептен жана жети томдон турат. Мукаддима деп таанылган белгилүү чыгармасы ушул чыгармасынын алгы сөздү жана киришүүнү камтыган биринчи китебинен турат. Мукаддимага бул атты Ибн Халдун өзү берген эмес, кийинчерээк мына ушинтип аталып баштайт.
Адам өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен башка жаныбарлардан айырмаланып турат. Бул өзгөчөлүктөрдү төмөндөгүчө берүү мүмкүн:
1) Илим жана искусство (бул акылдын натыйжасы болуп саналат),
2) Күчтүү авторитетке ээ болуу муктаждыгы,
3) Жашоо үчүн күрөшүү,
4) Умран (цивилизация)
Умран
Умран-бул коом менен бирге жашоо, муктаждыктарды канааттандыруу максатында шаарда жашоо же отурукташуу. Адам дайыма топ болуп жашаганга муктаж. Ошондуктан бир адамдын жашоосу үчүн коомдун болуусу шарт. Адамдардын жашоо образдарына, физикалык көрүнүштөрүнө, адамдын ахлакына климат чоң таасирин тийгизет. Ушул сыяктуу эле токчулук жана ачкачылык да адамга таасир тийгизет. Умран экиге бөлүнөт: бедеви (бедуинлик) жана хадари (маданияттулук).
Ибн Халдун бул терминдерди мындайча түшүндүрөт: “Үңкүрлөрдө, токойлордо, чөлдөрдө, чатырларда, өрөөндөрдө, кичинекей отурукташуу борборлорунда жашагандарга бедуиндер деп аталат.” Бедуиндер өрөөндөрдө, жайлоолордо, мал багуу үчүн ыңгайлуу болгон стептерде жана чөлдөрдө жашашат. Бедуин жашоо-негизги жашоо. Ал эми хадарилер болсо, шаарларда, айылдарда жана кыштактарда жашашат. Хадарилердин мындай жерлердеги жашоолорунун негизги максаттары, жашаган жерлерин чептер менен коргоо. Хадари жашоо бедуин жашоонун негизинде кийин пайда болгон. Бирок бедуин жашоо да уланууда. Экөө бири-бирин толуктап турат. Бул эки башка жашоо тарзын түшүнбөй туруп умрандан тактап айтканда цивилизациядан сөз кылуу мүмкүн эмес. Коомдорун арасындагы айырмачылык Ибн Халдундун ою боюнча ал коомдордун алектенген чөйрөсүнө карата өзгөрөт. Мисалы, кээ бирлери малчылык менен алектенсе, кээ бирлери болсо дыйканчылык менен алектенет. Ошого карата жашоо шарттары түптөлөт. Анан молчулук токчулуктун негизинде жашоолору өзгөрүп өнүгөт.
Денедеги нервдер, бир уруунун башчылары жана жакшы адамдар асаб, асб, усб деп аталат. Асабия бирөөнүн атасы тарабынан болгон туугандары болуп саналат. Ошондой эле бири-бирине жөлөк-таяк болгон, бири-бирин колдогон табигый сезим болуп саналат. Бул сезим бир абал пайда болгондо өзүнөн өзү келип чыгат. Бир уруу, бир аймак жана бир өлкөдө бир динге же бир идеологияга баш ийип жашагандардын бири-бирилерин колдогон бир группанын сезими, аң-сезими жана руху. Кээ бир илимпоздордун ою боюнча асабия заманбап улутчулдук түшүнүгү менен бир мааниде, ал эми кээ бир илимпоздордун ою боюнча экөө эки башка нерсе. Ибн Халдундун ою боюнча асабия саясий окуялардын жана мамлекеттин негизин түзөт, ал эми коомдук окуялар мунун тегерегинде болуп өтөт.Ибн Халдундун ою боюнча эки түрдүү асабия бар. Биринчиси тек менен байланыштуу асабия. Бир уруудан, бир кандан болуу, тууган болуу. Экинчиси себепке байланышкан асабия, мындайча айтканда, адамдарды бири-бири менен байланыштырып турган руханий баалуулук, идеология же доктриналар. Асабиянын негизги максаты мал мүлк, башкаруу, мамлекет куруу, башкаларга өкүмдар болуу. Ибн Халдундун ою боюнча тарыхта көптөгөн асабиялар болгон. Жаралып, өнүгүп, жетилип анан саргайып чириген. Бир асабия жаралганда экинчиси жоголот, бири күчтөнгөндө экинчиси күчүн жоготот. Көпчүлүк асабия жаралып жаралбай жатып эле жоголот. Кээ бирлери болсо, өнүгүү доорун бүтүрбөй жатып эле аркага кетип баштайт. Мына ушинтип асабия тарыхтын улантуучулугун пайда кылат. Ушул өңүттөн алып караганда умран да тарых сахнасында дайыма күрөшүп келген асабиянын натыйжасы болуп эсептелет.
Маалыматты жайгаштырган: Адилет Сыдыков
1. İbn Haldun, Mukaddime, hazırlayan S. Uludağ, İstanbul: Dergah Yayınları, 2004.
2. “İbn Haldun”, DİA, 19. cilt, İstanbul: İSAM, 1999.
3. Кыргыз-Түрк Манас Университетинин мугалими: Эшенкулова К.З.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.