From Wikipedia, the free encyclopedia
Аналдык кошулуу ( лат. anus - анус ), же болбосо аналга кирүү, аналдык катыш, аналга кирүү, аркадан киригизүү - бир өнөктөштүн жыныстык мүчөсүн же страпонду экинчи өнөктөштүн көтөн чучугуна киргизүү аркылуу аткарылуучу жыныстык катнаш [1] .
Аналдык катнаш карама-каршы жыныстагы жана бир жыныстуу өнөктөштөрдүн ортосунда да жасалат [2] [3] . Анын үстүнө, жыныстык катнаштын бул түрү кындын жыныстык катнашынан айырмаланып, өнөктөштөрдөн алдын ала даярдыкты талап кылат [3] [4] .
Аналдык катыш негизи гомосексуал эркектер менен байланышытырганына карабай, бир гана гомосексуалдар эле аналдык секс менен алектенип калбай, гетеросексуалдуу мамилелердин арасында дагы аз эместигин көптөгөн изилдөөлөр көрсөтүп келет [5] . Кээ бир аналдык секстин түрлөрү лесбияндардын жыныстык жашоосунун бир бөлүгү болушу мүмкүн . Адамдар анустагы нерв учтарын стимулдоо аркылуу аналдык катнаштан ырахат ала алышат, ал эми аналга киргизүү аркылуу эркектерде простата безин кыйыр стимулдаштыруу, аялдарда клитор же кындын чөйрөсүн стимулдоо аркылуу оргазмга жетүүгө болот [6] .
Баардык эле жыныстык катнаштар сыяктуу эле, аналдык сексти тажыйырбалаган адамдардажыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар. Аналдык секс анустун жана көтөн чучуктун аярлуулугу айынан тобокелдиги жогору сексуалдык тажыйырба болуп саналат. Аналдык жана көтөн чучуктун ткандары өтө назик болгону үчүн оңой эле жыртылып, инфекциялар жугуп калышы мүмкүн, өзгөчө жыныстык катнаш учурунда атайын майлоочу май колдонулбаса [7] . Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциялардан коргонуу үчүн аналдык секс учурунда презерватив колдонууну сунуштайт .
Аналдык муштум, анилингус жана ануска бөтөн нерселерди киргизүү (мисалы, дилдо, анал мончоктору ж.б.) аналдык стимул болуп саналат, бирок аналдык секс эмес. Ошого карабастан, оозеки тилде аналдык секс деп ушул тажыйырбалардын түрлөрү да аз эмес эсепке алынат.
Демейде аналдык сексти тажыйырба кылып келгендер арасында активдүү (киргизүүчүнү) жана пассивдүү (киргиздирүүчүнү) деп өнөктөштөрдү айырмалашат [8] . Аналдык киргизүүнүн активдүү катышуучусу деп өзүнүн жыныстык мүчөсүн же жасалма жыныс мүчөсүн киргизген эркек, же өнөктөшүнүн аркасына жасалма жыныстык мүчөсүн киргизген аял аталат. Алуучу же киргиздирүүчү өнөктөш, эркек же аял, пассивдүү болуп саналат. Аналдык катнаштагы кеңири жайылган позалар - бул активдин үстүнө минүү же тизелөө позалары.
Анус аймагы эки жыныстагы тең адамдардын көпчүлүгүндө өтө сезгич жана эрогендик зоналардын бири болуп саналат [9] . Демек, көтөн чучуктун стимулдашуусу жыныстык дүүлүктүрүүнү пайда кылышы мүмкүн [10] . Пассивдүү эркектер үчүн аналдык секс простата безине басым жасайт, бул кошумча дүүлүктүрүү жана натыйжада эякуляция жана оргазмга алып келиши мүмкүн.
Активдүү роль ойногон эркектер үчүн аналдык секс жыныс кынына караганда жагымдуураак болушу мүмкүн, анткени аналдык сфинктердин пениске көрсөткөн басымы кындын кысуусуна караганда бир топ жогору болушу мүмкүн. Активдүү роль ойногон аялдар жасалма жыныстык мүчөнүн жардамы менен түздөн-түз стимулдаштыруудан, кошумча аппараттарды колдонуудан физикалык, ошондой эле жыныстык катнаш учурунда эмоционалдык тажрыйбалардын өнүгүшүнөн психологиядык ырахат алышат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.