From Wikipedia, the free encyclopedia
AngularJS (Көбүн эсе "Angular.js" же "AngularJS 1.X" аталат) - JavaScript негизинде түзүлгөн веб фреймворк. Түпбулак коду ачык, Гугл, жеке адамдар жана корпорациялар колдоп өнөктүрүп турушат. Бир барактуу тиркемелерди түзүүгө багытталган. JavaScript компоненттери Apache Cordova-нын негизинде кросс-платформалык мобилдик тиркемелерди түзгөнгө негизделген. Максаты - браузердик тиркемелерди MVC-калыбынын негизинде кеңейтүү, тестирлөө жана түзүүнү жеңилдетүү. 2014 жылы башкы AngularJS командасы Angular (Тиркеме платформасы) үстүндө иштеп башташкан.
AngularJS | |
Тип |
JavaScript, Single-page application Framework |
---|---|
Түзүүчү | |
Программалоо тили | |
Биринчи чыгарылышы |
2010-10-20 |
Аппараттык платформасы |
Кросс-платформалык |
Акыркы үлгүсү |
1.6.8 (2017-12-18) |
Абалы |
Active |
Лицензия |
MIT License |
Сайты |
Фреймворк биринчи HTML баракка колдонуу кошкон тэгдерди окуп иштейт. Ангулар бул атрибуттарды директивдер катары интрпетация кылып барактын бөлүктөрүн кирүүдө же чыгууда моделге катары кадимки JavaScript өзгөрмөлөр катары байлайт. Бул өзгөрмөлөрдүн маанилери кол менен берилип же статикалык же же динамикалык JSON-маалыматтарынан суурулуп чыгат.
AngularJS MEAN stack, MongoDB берилиштер базасы, Express.js веб-тиркеме сервер фреймворку, Angular.js өзү жана Node.js сервер аткаруу чөйрөсүнүн фронтенд бөлүгү.
AngularJS 2009 жылы Мишко Хевери жана Адам Абронс тарабынан Brat Tech LL компаниясында программдык жабдык катары мегабайтталып эсептелген JSON-берилиштери сактоо кызматынын артында корпоратвидик тиркмелереди түзүүнү жеңилдетүү үчүн түзүшкөн. Кызмат «GetAngular.com» доменинде жайгашып жана бир нече катталган колдонуучулар болгон, кийинчерээк бизнес идеясынан баш тартышып Angular китепканасы катара ачык түпбулак коду менен чыгарышкан.
Абронс долбоордон кеткен, бирок Google компаниясында иштеген Хевери долбоорду Google-дун башка кызматкерлери Игорь Минар жана Войт Джин менен биргеликте китепкана катары өнүктүрүп жана колдоп келет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.