8 январь — ИспанияГибралтардагы блокадасынан баш тартат (декабрда чек ара ачылат).
8 январь — AT&T өзүнүн 22 бөлүмүнөн баш тартат.
11 январь — Париж - Дакар раллисинде Марк Тэтчер жоголгон, британдыкага-министрМаргарет Тэтчердин уулу. 14 январда куткарылган.
11 январь — 17 январь — АКШнын Батышында тарыхта болуп көрбөгөндөй суук болгон.
13 январь — ВашингтондоAir Florida компаниясына тиешелүү ичинде 78 киши бар № 90 рейси боюнча учкан учак авиакырсыкка учураган, учак Потомак дарыясына барып түшөт, ичиндеги бардык адамдар каза болушат. Ошол желе күнү вашингтон метросунда поезд рельстен чыгып кетип 3 адам көз жумган.
17 январь — АКШнын Түндүгүндө «Ызгардуу дем алыш».
19 январь — Польшада азык түлүккө болгон баанын өсүшү 1-февральдан баштап 200дөн 400 % чейин жеткен.
21 январь — Британдык тоо кен казуу Улуттук бирикмеси айлык акынын 9,3 %өсүшүнө макулдук берет.
24 январь — Египет президенти Хосни МубаракСССРден өлкөнү индустриализациялоо боюнча жардам сурайт.
26 январь — Финляндиянын президенти болуп Мауно Койвисто шайланат.
19 февраль — Испании, 1981-жылы кармалышкан, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга даярданып жатышкан деген айып менен 32 офицердин соту болот (3-июнь ар бирине 30 жылдан берилет).
1 март — СССР «Венера-13» аппаратын космоско учурат, аппарат Венерага барып конот.
3 март — Лондондо англиялык ханайымBarbican маданий борборун ачат.
9 март — Ирландиянын ага-министри болуп Чарльз Хоги дайындалат.
10 март — АКШ ливия нефтисинин импорттолушуна эмбарго киргизет жана аларды терроризмге өнөктөш деп, Ливияга жогорку технологиялык каражаттардын кирбегенин көзөмөлдөйт.
11 март — Британдык өкмөт суу астында сүзүүчү кеменин "Поларис" ракетасын алмаштыруу үчүн америкалык «Трайдент II» ракетасын сатып ала турган ниети бар экендигин билдирет.
15 март — Никарагуа президенти Даниэль Ортегаконституциянын ишин токтотуп өлкөгө аскердик абал киргизет.
16 март — Ньюпортте, Род-АйлендКлаус фон Бюлов өзүнүн жубайын өлтүрүүгө үмүттөнгөн деген айып менен айыпталган.
16 март — Фолкленд согушу: аргентиналык темир алуучу Түндүк Георгия аралына биринчилерден болуп аргентина желегин жерге саят.
2 апрель — Фолкленд согушу: аргентиналык аскерлер Фолкленд аралдарын басып алышат. Улуу БританияАргентина менен дипломатиялык кызматташтыкты токтотот.
2 апрель — Фолкленд согушу: Фолкленд аралдары толугу менен аргентинанын кол алдына өтөт, аралдардагы британ өкмөтү баш ийишет.
2 апрель — СССРде «Известия» гезити А. С. Монин жана Г. И. Баренблатт советтик окумуштуулар белгисиз учуучу объектилердин жандырмагын табышты деген макала чыгарат.
3 апрель — БУУнун Коопсуздук Кеңеши 502 резолюцияны кабыл алышат, анда Аргентинанын Фолкленд аралдарынан аскерлерин чыгаруу талаптары жазылган.
4 апрель — Фолкленд согушу: британдын ВМС оперативдүү кемелер отряды Фолкленд аралдарына биринчилерден болуп барышат.
6 апрель — АКШда апрель суугу түндүк-батышты толугу менен бекитип салган.
7 апрель — АКШнын мамлекеттик катчысыАлександр Хейг Фолкленд аралдары боюнча болуп жаткан ызы чууга ортомчу болууга макулдугун билдирет.
12 апрель — Фолкленд согушу: Европа экономикалык уюму Аргентинага каршы экономикалык чараларды колдонот.
12 апрель — Фолкленд согушу: Фолкленд аралдарынын айланасында 200 метрдик толук изоляция зонасы планы Улуу Британия тарабынан киргизилет.
15 апрель — Каирде, Египет, президент Анвар Садаттын өлүмүнө тийешеси бар делген беш ислам фундаменталистери өлтүрүлгөн.
17 апрель — Улуу Британия ханайымы Елизавета IIУлуу Британиядан толугу менен саясий көз карансыз кылган Канаданын жаңы конституциясын жана акча бирдигин жарыялайт.
19 апрель — Британ өкмөтү Хейгом тарабынан сунушталган Фолкленд аралдарындагы кризисти жөнгө салуу боюнча планын колдобойт.
23 апрель — Sinclair Research Ltd англиялык компаниясы 8 чыңалуудагы ZX Spectrumүй компьютерин сунуштайт.
23 апрель — Ки-Уэстанын мэри, Флорида Дэннис Уардлоу бир күнгө Конк Республикасынын көз канасыздыгын жарыялаган.
24 апрель — Евровидение таймашын 1982-жылы Ein Bisschen Frieden ыры менен немец аткаруучусу Nicole жеңип алган.
25 апрель — Фолкленд согушу: Британ аскерлери Түндүк Георгия аралдарын бошотушат.
25 апрель — Израиль-египет тынчтык келишими боюнча ИзраильСинай жарым аралынан аскерлерин чыгарган.
29 апрель — Кытайдын калкынын саны 1 миллиард адамдан ашкан.
4 май — Фолкленд согушу: аргентиналык Exocet ракетасы англиялык Sheffield кемесине келип түшкөндө башталган өрттөн 20 деңизчи көз жумган. Кеме 10-майда чөгүп кеткен.
4-майдандан 10 майга чейин — Советтик экспедициясынын 11 катышуучусу Эверестин чокусуна чыгышкан.
5 май — Унабомбер ВандербильдУниверситети компьютердик илимдер департаментинде бомба жарган, департаменттин катчысы Джанет Смит жарадар болгон.
12 май — Испаниялык чиркөөчү Хуан Эрнандес рим папасыИоанн Павел IIни Фатимага (Португалия) болгон сапарында бычак менен саюууга аракет кылган.
12 май — Braniff International Airways авиакомпаниясы банкрот болгонун жарыялап, учуулардын баарын токтотушкан.
13 май — Байконуркосмодромунан Союз Т-5космостук кемеси учурулган.
21 май — Фолкленд согушу: англиялык деңизчилери жана десанттары Фолкленд аралдарынын Сан-Карлос жээгине түшүшүп британ желегин жээкке сайышкан.
22 май — Фолкленд согушу: Ardent англиялык кемеси аргентина учкучтары тарабынан чөктүрүлгөн, 22 деңизчи көз жумган.
23 май — Фолкленд согушу: Antelope англиялык кемеси аргентина тарабынан жасалган авиабомбанын эсебинен чөккөн.
24 май — СССР КГБ башчысы Ю. В. АндроповКПССБК Катчы болуп шайланган .
24 май — СССРде Азык түлүк программасы кабыл алынат.
25 май — Фолкленд согушу: Atlantic Conveyorанглия кемеси Exocet аргентина ракетасынан чөгөт, 12 адам көз жумган, ошондой эле конфликт болгон жерге аскерлерди ташуучу айланмаучактар да жарылган.
3 июнь — Лондон көчөрөрүнүн биринде Улуу Британиядагы израилэлчиси Шломо Аргов жарадар болот.
4 июнь
Арговдун жарадар болушуна жооп катары Израил авиациясы Ливандагы палестин партизандары чогулган жайларга бомба ташташат.
СССР «Космос—1374» деп аталган, жердин жасалма спутниги учурулат.
6 июнь
Будапеште кубик Рубикти чогулткандардын биринчи дүйнөлүк Кубогу өтөт.
Ливия согушу башталат: израил аскерлери Ариэля Шаронакоргоо министринин кол астында «Мир Галилее» операциясынын негизинде Түндүк Ливанга кол салышып Бейрутка жакындашат.
Ливан согушу: БУУнун Коорсуздук Кеңеши Израилди Ливандан аскерлерин чыгарууга үндөйт.