Бейрут
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бейрут (ар. بيروت Bayrūt) — Ливан Республикасынын борбор шаары. Жерортолук деңиздин чыгышындагы дөңсөөлүү жаңы аймагында жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2005). Бейрет ири порт; темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту, текстиль, тамак-аш, булгаары, металл иштетүү өнөр жайы бар. Сыртка цитрус мөмөлөрүн, алма, зайтун майын, пилла, жүн чыгарат. Мамлекеттик, америкалык, француз жана араб университеттери, музейлер бар. Б. з. ч. 18-кылымданм(башка маалымат боюнча 15-кылымдан Берит, Берута деген ат менен) Финикиянын соода борбору жана порту, эллада рим доорунда ири соода, кол өнөрчүлүк борбору катары белгилүү. 7-кылымда Араб халифатынын курамына кирген. 14-15-кылымда египеттик мамлюктардын ээлиги болгон. 1516-1918-ж. Осмон падышалыгынын курамында. 1920-43-ж. Франциянын мандат менен башкаруусуна ээ. 1943-жылдан көз каранды эмес Ливандын борбор шаары. Өлкөнүн финансы чордону. Финикия, Рим, Византия курулмаларынын, мечиттердин (Жами аль-Омари, 13-кылым; «Дворцовая», 16-к.) калдыктары сакталган. 1982-ж. Израилдин агрессиясынын натыйжасында көп жери кыйроого учураган.
Отурукташкан жай
Бейрут
|
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.