From Wikipedia, the free encyclopedia
.ag (англ. Antigua and Barbuda) — Антигуа жана Барбуда үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталышты каттоо жеке жана юридикалык жактар, Антигуа жана Барбуда резиденттери жана резидент эместери үчүн төмөнкү домендик аймактарда жеткиликтүү - .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org.ag, .edu.ag, .gov. ag.
.ag | |
Киргизилген жылы | |
---|---|
Домендин тиби | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм |
NicAg |
Уюштуруучу |
жок |
Багыты |
Мамлекет менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
.ag домени акционердик коом деген сөздөрдүн кыскартмасына окшош болгондуктан кеңири колдонулган. Бирок, сот чечиминин негизинде .ag домендик аталышын Германияда колдонуу чектелген. |
Каттоодо болгон жолтоолор |
жок |
Маңызы |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер |
Каттоо шарттары (англ.) |
Карама-каршылыктарды чечүү |
UDRP |
DNSSEC |
бар |
Веб-сайт | |
Whois-сервер |
whois.nic.ag |
Бул домендик аталыш Антигуа жана Барбуданы мамлекет катары көрсөтө алат. Германия, Австрия, Швейцариядагы айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын, тоо-кен казып алуу, жана кайра иштетүү ж.б. уюмдардын менчиктик түрлөрүн көрсөтүү үчүн колдонулат (AG латын. Argentum — күмүштүн химиялык белгиси болуп саналат).
Бул домендин экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги аталыштарын юридикалык жана жеке жактар каттоо мүмкүнчүлүгү ээ. Nic AG компаниясы тарабынан башкарылат[1][2].
Домендик аталыштар боюнча талаш-тартыштар келип чыкканда ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) тарабынан кабыл алынган эрежелер менен жөнгө салынат[3].
AG — улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Антигуа жана Барбуданын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2: AG)[4].
.ag домендик аймагында катталган домендер, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендер, каттоочу тарабынан коюлган талаптарга жооп бериши керек[5].
2007-жылдын 28-майына карата резервге коюлган домендик аталыштардын тизмеси[6].
.ag домен аймагынын биринчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары жана жөнгө салынуучу колдонуучулар.
Домен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.ag | Биринчи деңгээлдеги негизги домен |
.ag домен аймагынын экинчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары, жөнгө салынуучу колдонуучулар, домен категориялары.
Домен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.co.ag | Коммерциялык уюмдар үчүн. |
.com.ag | Коммерциялык уюмдар үчүн. |
.nom.ag | |
.net.ag | Интернет-провайдерлер, хостинг, веб-сайттарды жасоочулар, Интернет тиркемелерин иштеп чыгуулар, провайдерлер үчүн. |
.org.ag | Коммерциялык эмес уюмдар үчүн. |
.edu.ag | Антигуа жана Барбудадагы билим берүү мекемелери үчүн гана. |
.gov.ag | Антигуа жана Барбуда мамлекеттик органдары үчүн гана. |
Домендик аталыштарды каттоо баасы:[7]
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.