Хокинг нурлануусу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Хокинг нурлануусу — кара тешиктен ар кандай элементардык бөлүкчөлөрдүн, негизинен фотондордун гипотетикалык нурлануусу. Гипотетикалык процеске Стивен Хокингдин ысымы ыйгарылган.
Хокинг нурлануусу ― Чоң адрон коллайдериндеги эксперименттеринде теория боюнча пайда болушу мүмкүн кичинекей кара тешиктердин жок болушун (буулануусун) түшүндүргөн негизги аргумент. Бул эффектке сингулярдык реактор идеясы негизделген — Хокинг нурлануусу аркылуу кара тешиктен энергия алуу үчүн түзүлүш.