![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/ef/Turdakun_Usubaliev_portrait.jpg/640px-Turdakun_Usubaliev_portrait.jpg&w=640&q=50)
Усубалиев Турдакун Усубалиевич
From Wikipedia, the free encyclopedia
Усубалиев Турдакун Усубалиевич (6-ноябрь 1919-жылы, Кочкор, Түркстан АССР — 7-сентябрь 2015-жылы, Бишкек, Кыргызстан) — мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05 - 1985.02.11). Кыргыз Эл Баатыры, тарых илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999). «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.
Усубалиев Турдакун Усубалиевич | |||||||||
![]() | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
9 май 1961 жылы — 2 ноябрь 1985 жылы | |||||||||
Андан мурунку: | Исхак Раззак уулу | ||||||||
Андан кийинки: | Масалиев Абсамат Масалиевич | ||||||||
Туулган жылы: | 6 ноябрь 1919 жылы | ||||||||
Туулган жери: | с. Кочкор кыштыга, Нарын облусу, РСФСР | ||||||||
Каза болгон жери: | Бишкек | ||||||||
Партиясы: | ССКП | ||||||||
Сыйлыктары: |
| ||||||||
Турдакун Усубалевич кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.
Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун (1941), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1945), В. И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик пединститутун (1965) бүтүргөн.
1941-жылы Кочкор айылындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1941–1945-жылдары Кыргызстан КП Кочкор райкомунун пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн инструктору, 1945–1955-жылдары КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, 1955–56-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору, 1956–1958-жылдары Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, 1958–61-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-катчысы, 1961–85-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы. СССР Жогорку Советинин 5 жолку (1962–1984), Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку (1959–85), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (1990-жылдан) депутаты.
1-даражадагы «Манас», 4 Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ысымы Кочкор районундагы чарбага берилген.