Уилкс Чарлз
From Wikipedia, the free encyclopedia
Уилкс Чарлз (англ. Charles Wilkes 3. 4.1798, Нью-Йорк - 8. 2.1877, Вашингтон) - Океания менен Антарктиканы изилдеген амер. географ.
1838-42-ж. Тынч океандын түщ. бөлүгү менен Антарктиданын чыгыш жээгин комплекстүү изилдеген экспедицияны жетектеген. Уилкс Жерин ачкан. Полинезиядагы 260ка жакын аралды (алардын ичинен Феникс, Токелау а. тобуна кирген жана мурда белгисиз болгон 3 аралды) баяндап жазып, 1840-ж. Түштүк магниттик уюлду издөөдө Уилкс уюлдун айланасына жакын жерден (162° чыгыш узундук) кургактыктын бар экенин байкаган.
Ал муздукту жээктей 2700 кмте (чыгыш узундук боюнча 98°) чейин батышка барган. Кийинчерээк Антарктидадагы бул тилке Уилкс Жери деп аталган. Ал жетектеген экспедиция 1841-ж. Түндүк Америкадагы Колумбия дарыянын алабынын бир бөлүгүн изилдеген.