![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/6/60/%25D0%25A2%25D2%25AF%25D0%25B3%25D3%25A9%25D0%25BB%25D0%25B1%25D0%25B0%25D0%25B9_%25D0%259A%25D0%25B0%25D0%25B7%25D0%25B0%25D0%25BA%25D0%25BE%25D0%25B2.jpg/640px-%25D0%25A2%25D2%25AF%25D0%25B3%25D3%25A9%25D0%25BB%25D0%25B1%25D0%25B0%25D0%25B9_%25D0%259A%25D0%25B0%25D0%25B7%25D0%25B0%25D0%25BA%25D0%25BE%25D0%25B2.jpg&w=640&q=50)
Түгөлбай Казаков
From Wikipedia, the free encyclopedia
Казаков Түгөлбай Токтогулович (28-май 1951, Көпүрө-Базар, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР) – кыргызстандык обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри (2016-17).
Түгөлбай Токтогулович Казаков | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
27-июль 2016 — 28-октябрь 2017 | ||||
Өкмөт башчысы: | Сооронбай Жээнбеков | |||
Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
Андан мурунку: | Алтынбек Максүтов | |||
Андан кийинки: | Султан Жумагулов | |||
Жарандыгы: | ![]() | |||
Туулган жылы: | 28-май 1951-жыл | |||
Туулган жери: | Көпүрө-Базар, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР | |||
Билими: | Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университети | |||
Кесиби: | дирижёр | |||
Ишмердүүлүгү: | обончу, аткаруучу, композитор, публицист |
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981),
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1988),
Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005),
III даражадагы Манас орденинин ээси (2021),
Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү (2007).
Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүгкөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973-76), Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1976-79), Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, башкы редактору (1979-92), 1990-ж. Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадио корпорациясынын төрагасы (1992-93), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993-96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005-07), Улуттук телерадио корпорациясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007-09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин республикалык конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүяүн катышуучусу. Т. Казаковдун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.