Публицист
From Wikipedia, the free encyclopedia
Публицист - өзүнүн негизги ой-пикирин публицистикалык чыгарма аркылуу жайылткан калемгер, жазуучу, журналист, коомдук ишмер. Ал өз доорундагы жана андан мурдакы доорлордогу олуттуу факттар, окуялар, кишилер, көрүнүштөр тууралуу маалыматты талдап, кеңири калайыкка (аудиторияга) публицистикалык чыгарма түрүндө жеткирет.
Публицистика (латынча publicus — "коомдук") коомдун көйгөйлөрүнө арналган чыгармалардын түрү. Коомдук маанайдагы плюралисттик ар кыл пикирлерди чагылдырууда жана саясий жана идеологиялык ой жорумдарды калыптандырууда публицистикалык чыгарманын ролу чоң.
Өтө кадыр-барктуу журналисттик тармакта иштегендер (серепчилер, коламнисттер, жазуучулар, коомдук ишмерлер) публицистикалык ишмердик менен алектенишет. Алар тигил же бул окуяга карата кандайдыр-бир коомдук пикирди калыптандырууну мүдөө кылышат. Алардын чыгармалары мамлекеттик бийликтин тийешелүү кадамдарына таасир тийгизет. Мамлекеттик бийлик менен коомдун ортосунда көпүрө кызматын да аркалашат. Ушунун негизинде калыс журналистиканы "төртүнчү бийлик" деп шарттуу атап коюшат.
Жамаагаттык маалымат каражаты үчүн иштеген фотограф жана видео оператор бир эле учурда өз алдынча публицистикалык жүк аркалаган олуттуу мультимедиалык материал даярдашы да мүмкүн.