Туюк көл
From Wikipedia, the free encyclopedia
Туюк көл - сыртка суу агып чыкпаган көл.
Суунун чыгымын буулануу гана түзөт. Туюк көлгө агын суу куюшу да мүмкүн. Туюк көлдөр талаа жана жарым чөл зоналарындагы туюк алаптуу облусттарда жана көп жылдык тоң жаткан жерлерде (Батыш Сибирде, Казакстанда жана Якутияда) таралган. Мис., Кыргызстанда Ысык-Көл, Чатыр-Көл.