Токмок
From Wikipedia, the free encyclopedia
Токмок — Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан шаар. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75'000 эли бар.[1].
Отурукташкан жай
Токмок
Викиказына түрмөгүндө: Токмок |
Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири - Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.
Токмок шаарынын аталышы мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «төкмөк»(төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан.