![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/45/Roza_Otunbayeva_-_World_Economic_Forum_on_Europe_2011.jpg/640px-Roza_Otunbayeva_-_World_Economic_Forum_on_Europe_2011.jpg&w=640&q=50)
Роза Отунбаева
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ро́за Иса́ковна Отунба́ева (23-август 1950, Фрунзе, Кыргыз ССРи) – кыргыз саясатчысы жана дипломат, Кыргызстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясынын лидери. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын натыйжасында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп калды. 2010-жылдын 19-майында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн декрети менен өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын Президенти болуп жарыяланды. Бул декретке ылайык Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. 2010-жылдын 27-июнундагы Конституциянын жаңы текстин кабыл алуу боюнча референдум аны КР Президенти катары бекитти. Кыргызстандын алгачкы аял-президенти жана азырынча КМШ өлкөлөрүндө президенттин кызмат ордун ээлеген жападан жалгыз аял. Эң жаңы тарыхта мусулман калкы басымдуулук кылган өлкөдө экинчи аял-президент (биринчиси – Мегавати Сукарнопутри, 2001—2004-жылдары Индонезиянын президенти). Бул кызмат ордун 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенге чейин ээлеп турду.
Роза Исаковна Отунбаева | ||||
![]() | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
июль 2010-жылы — 1-декабрь 2011-жылыы | ||||
Андан мурунку: | Курманбек Салиевич Бакиев | |||
Андан кийинки: | Алмазбек Шаршенович Атамбаев | |||
| ||||
7-апрель — 17-декабрь 2010-жылы | ||||
Андан мурунку: | Курманбек Салиевич Бакиев Данияр Токтогулович Усенов | |||
Андан кийинки: | Алмазбек Шаршенович Атамбаев | |||
| ||||
Февраль — Май 1992-жылы | ||||
Андан мурунку: | Муратбек Сансызбаевич Иманалиев | |||
Андан кийинки: | Марат Назарбекович Саралинов (у.м. а.) Эднан Өскөнович Карабаев | |||
Жарандыгы: | ![]() | |||
Дини: | Ислам | |||
Туулган жылы: | 23-август 1950-жыл | |||
Туулган жери: | Ош шаары Кыргызстан | |||
Атасы: | Исак Отунбаев | |||
Апасы: | Салийка Даниярова | |||
Балдары: | уулу: Атай Садыбакасов кызы: Карачач Садыбакасова | |||
Партиясы: | партияда катталган эмес | |||
Билими: | М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети | |||
Илимий даражасы: | философия илимдеринин кандидаты | |||
Кесиби: | саясатчы, философ | |||
Ишмердүүлүгү: | коомдук ишмердик | |||
Сайты: | http://www.roza.kg/ | |||
Сыйлыктары: |
«Кызматтагы каармандыгы үчүн» медалы, ж.б. | |||
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a0/Roza_Otunbayeva%2C_President_of_Kyrgyzstan_%282010-11%29_%287210331816%29.jpg/640px-Roza_Otunbayeva%2C_President_of_Kyrgyzstan_%282010-11%29_%287210331816%29.jpg)