Липа
From Wikipedia, the free encyclopedia
Липа, жөкө дарак (лат. Tilia, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дарактар уруусу. Бийиктиги 15–25 м, айрымдары 40 м-ге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2–5 м-дей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү – калканча же чачы сымал. Мөмөсү – жаңгакча. Липа демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Липанын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү – жүрөк сымал липа, европа липасы, амур липасы. Кыргызстанда атайын өстүрүлөт. Липа кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.