Украина автономиялуу республикасы, Кырым жарым аралынын көпчүлүк бөлүгүндө жайгашкан. доомат коюлган аймакты иш жүзүндө көзөмөлдөбөйт From Wikipedia, the free encyclopedia
Кырым Муктар Республикасы, КМР (укр. Автономна Республіка Крим, АРК, кырым-тат. Qırım Muhtar Cumhuriyeti, QMC) – Украинанын субъектиси. Кырым жарым аралында жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 1 895 915 (2015). Административдик-аймактык жактан 14 районго, 11 шаарга, 56 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Акмечит шаары. Калкынын негизин орустар (58,32%), украиндер (24,32%) түзөт, ошондой эле кырым татарлары (12,03%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севастополь, Акмечит, Керич. Курорт шаарлары – Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.
Кырым Чыгыш Европадагы калк байыртадан эле отурукташкан аймак. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында киммерийликтер, б. з. ч. 1миң жылдыкта таврлар, 8–9-кылымдарда скифтер отурукташкан. Б. з. ч. 480-жыл ченде республиканын бир бөлүгү Боспор мамлекетине караган. 13-кылымда моңголдор тарабынан басып алынып, Алтын Ордого кирген. 1443-ж. Кырым хандыгы түзүлүп, ал Осмон империясынын вассалы болгон. 1783-ж. Россия империясына кошулган. Кырым Республикасы 1918–54-жылдары ОСФСРдин 1954-жылдан Украинанын курамына кирген. курамында. 1944-ж. Кырым татарлары күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн. 1967-ж. татарлар реабилитацияланып, кайрадан келүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен 1979-ж. күч менен Кырым Республикасынан чыгарылган. 1987-жылдан Кырым татарлары мекенине кайта башташкан. 1988-ж. федерация мыйзамы татарлардын Кырымда жашоо укугун тастыктаган. Кырым Республикасы 1992-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, республика статусун алган. Жаңы Конституциясы 1998-ж. 23-декабрда ишке кирип, Кырым Автономдук Республикасы болуп 18-март, 2014-жылдагы референдум деген келишимдин негизинде Россия Федерациясы менен оккупация болуп калды.
Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш (мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, шарап, эфир-май ж. б.), машина куруу (кеме, тамак-аш өнөр-жайы үчүн жабдуу, приборлор, телевизор), химиялык, жеңил. Кен байлыктарынан темир, нефть, газ казылып алынат. ГРЭС курулган. Мөмө-жемиш, жүзүмчүлүк, жашылчачылык, бакчачылык өнүккөн. Жүгөрү, соя, шалы, күн карама, тамеки, эфир-май өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Чочко, кой асыралат. Негизги порттору: Керчь, Феодосия, Ялта.
Башкы курорттору: Ялта, Мисхор, Алупка, Симеиз, Гурзуф, Алушта (Кырымдын Түштүк жээги), Феодосия, Евпатория.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.