From Wikipedia, the free encyclopedia
Крым хандыгы — кырым татарларынын, Алтын ордодон бөлүнүп чыккан (15–18-кылымдар) феодалдык мамлекети. 1239-ж. моңгол-татарлар Крымда жашаган алан, кыпчак, слав ж. б. элдерди каратып, жарым аралдын түз жерлерин басып алган жана 13-кылымдын аягында аны өздөрүнүн туруктуу жайлоо-кыштоосуна айландырышкан.
Крым хандыгы (кырым татарча Qırım hanlığı, قريم خانلغى) хандык Осмон империясынын вассалы 1470—1774 | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
Борбор калаа | Кырк-Жер (1441—1490) Салачик (1490—1532) Бакчысарай (1532—1783) | ||||||||
Тил | кырым татар тили | ||||||||
Дин | Ислам | ||||||||
Акча бирдиги | бешлик кырг. Бештик | ||||||||
Аянт | 152 000 км² | ||||||||
Калк | 500.000 ге жакын | ||||||||
Сулале (династия) | Герей династиясы | ||||||||
Хан | |||||||||
- 1441—1466 | Ажы Герай 1 (биринчи) | ||||||||
- 1782—1783 | Шахин Герай (аяңкы) | ||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||
← Алтын Ордо Орусия империясы → | |||||||||
13–14-кылымдарда Крымда өзгөчө акимдик (борбору – Солхат) түзүлүп, 1433-ж. ич ара күрөштүн натыйжасында феодал ак сөөктөрдүн колдоосу менен Девлет-Хажи-Гирей бийликке келген. 1443-ж. Литва Улуу княздыгына таянып, ал Алтын Ордого көз карандысыз Крым хандыгын түзгөн. Менгли-Гирей хандын тушунда (1468–1515) түрк аскерлери Крымга басып киргенден кийин (1475), Крым хандыгы Түркияга көз каранды хандыкка айланган. Крым хандыгынын феодал ак сөөктөрү олжо, туткун, салык алуу үчүн 16–17-кылымдарда Орусия, Украина, Польша жерлерине кол салып турган. 17–18-кылымдардагы орус-түрк согуштарында Крым хандыгы Түркияны колдогон. Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими (1774) боюнча Крым хандыгы Түркияга көз карандылыктан кутулуп, Орусиянын протекторатындагы көз карандысыз хандыкка айланган. 1783-жылы Орусия империясынын курамына биротоло кошулган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.