Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарында
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 5 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат, олимпиада комитети бул мелдешке спорттун 11 түрү боюнча 30 спортчуга жолдомо алууну пландалган[3]. Кыргызстан эгемен тарыхында сегизинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.
ЭОК коду: | KGZ | |||
УОК: | Кыргызстан улуттук олимпиада комитети | |||
Париждеги Олимпиада оюндары | ||||
Спортчулар | 16 спортчу 5 спорттун түрү боюнча | |||
Туучу | (ачылышында) Эрлан Шеров Елизавета Печерских[1][2] (жабылышында) Акжол Махмудов Айсулуу Тыныбекова |
|||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
Оруну: 68 |
0 |
2 |
4 |
6 |
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 | ||||
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1994 • 1998 • 2002 • 2006 • 2010 • 2014 • 2018 • 2022 | ||||
О. эле | ||||
|
Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын Париж шаарында өткөн[4]. Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун дзюдо боюнча спортчу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп өткөн[5][6]. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[1]