Кыргызстан 2022 кышкы Олимпиада оюндарында
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан 2022 кышкы Олимпиада оюндарына спорттун 1 түрү боюнча 1 спортчусу менен катышкан[1]. Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземинде өлкөнүн туусун лыжа спорту боюнча барган жалгыз спортчу Максим Гордеев көтөрүп чыккан[2]. Спортчудан башка, өлкөнүн спорттук делегациясынын курамына машыктыруучу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишов барган. Ошондой эле Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземге президент Садыр Жапаров дагы катышкан.
ЭОК коду: | KGZ | |||
УОК: | Кыргызстан улуттук олимпиада комитети | |||
Пекиндеги Олимпиада оюндары | ||||
Спортчулар | 1 спортчу 1 Спорттун түрү боюнча | |||
Туучу | Максим Гордеев | |||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
' | 0 |
0 |
0 |
0 |
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 | ||||
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1994 • 1998 • 2002 • 2006 • 2010 • 2014 • 2018 • 2022 | ||||
О. эле | ||||
|
Олимпиада оюндары 4-февралдан — 20-февралга чейин Кытый Республикасынын Пекин шаарында өткөн.