![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/7b/Kyrgyzstan_location_map.svg/langky-640px-Kyrgyzstan_location_map.svg.png&w=640&q=50)
Козучак
From Wikipedia, the free encyclopedia
Козучак ― Кыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Бердике Баатыр айыл аймагына кирет.
Ыкчам фактылар
Отурукташкан жай
Козучак
|
Жабуу
Беш-Таш капчыгайынын оозунда, Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Көк-Ой айылынан 8 км түштүк тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 195 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкынын саны ― 787 (1986-жылы), 1467 (2007-жылы); айылдын тургундары негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Соода түйүндөрү, ФАП иштейт.