Кытай
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кытай (кытайча 中国; пиньинь Zhōngguó — Ортодогу мамлекет, кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), расмий түрдө Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь: Zhōnghuá Rénmín Gònghéguó) — Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнүн кичине бөлүгү Индия, Непал жана Бутан, ал эми түштүгүнөн Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономиялык районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
Кытай Эл Республикасы | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Негизделген | 1-октябрь 1949-жыл | ||||
Расмий тили | кытайча жана Кытайдагы, автономия чегиндеги башка элдердин тилдери | ||||
Борбор шаары | Бээжин | ||||
Ири шаарлар | Чунцин, Шанхай, Бээжин, Тяньцзинь, Гуанчжоу | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Төрага Төраганын орун басары Мамлекеттик кеңештин Премьери БКЭӨЧ ТКнин төрагасы КЭСККнын төрагасы | Ши Жиңпин Ли Юаньчао Ли Кэцян Чжан Дэцзян Ли Цян | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 3 чү - дүйнөдө 9 596 960 км² 3,8 | ||||
Калкы • Бааланган (2015) • Жыштыгы | ▲1 368 660 000 адам (1) 139,6 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2014) | ▲ 0,719 (жогорку) (91) | ||||
Этнохороним | кытайлык, кытайлыктар | ||||
Акча бирдиги | юань (жэньминьби) (CNY, код 156 | ||||
Домени | .cn, .中国, .中國, .公司, .网络 | ||||
ISO коду | CN | ||||
ЭОК коду | CHN | ||||
Телефон коду | +86 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +8 |
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шаңхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:[[]][1]