Израиль
From Wikipedia, the free encyclopedia
Израиль (евр. יִשְׂרָאֵל, ар. إِسْرَائِيل), расмий — Израиль мамлекети (евр. מְדִינַת יִשְׂרָאֵל Медина́т Исраэ́ль, ар. دَوْلَة إِسْرَائِيل Даула́т Исра’и́ль) — Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Үрдүн (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29-ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-ысрайыл согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи эврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы эврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
Израиль мамлекети | |||||
| |||||
Гимн: «Ха-Тиква»
«Үмүт» | |||||
Ысрайыл дүйнөлүк картада | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 14-бугу 1948-ж.
( Улуу Британиядан) | ||||
Расмий тили | жөөт тили | ||||
Борбор шаары | Иерусалим | ||||
Ири шаарлар | Тель-Авив-Яффа, Хайфа | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика[1] | ||||
Президент Премьер-министр | Ицхак Герцог Нафтали Бенет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 148 - дүйнөдө 20 770 км² 2 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы | 9 449 000 адам (96) 412 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | жаңы шекел | ||||
ISO коду | IL | ||||
ЭОК коду | ISR |
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. Калып:Rq/grammar |
Округдары жана райондору (2006):
Округ, район |
Аянты, км2 |
Калкы, миң |
Адм. борбору |
Борбордук округ |
1294 |
1649,8 |
Рамле |
Петах-Тиква |
283 |
563,8 |
Петах-Тиква |
Рамла |
339 |
260,3 |
Рамла |
Реховот |
324 |
462,4 |
Реховот |
Шарон |
348 |
363,3 |
Нетанья |
Иерусалим округу |
653 |
851,4 |
Иерусалим |
Иерусалим |
653 |
851,4 |
Иерусалим |
Тель-Авив округу |
172 |
1190,0 |
Тель-Авив |
Тель-Авив |
172 |
1190,0 |
Тель-Авив |
Түндүк округу |
4473 |
1185,4 |
Назарет (Эн-Насира) |
Акка |
928 |
527,0 |
Акка |
Голан* |
1154 |
38,9 |
Касрин |
Йизреэль |
1192 |
424,7 |
Афула |
Киннерет |
529 |
97,3 |
Тиверия |
Цфат |
670 |
97,5 |
Цфат |
Түштүк округу |
14185 |
1002,4 |
Беэр-Шева |
Ашкелон |
1266 |
447,2 |
Ашкелон |
Беэр-Шева |
12918 |
555,2 |
Беэр-Шева |
Хайфа округу |
866 |
858 |
Хайфа |
Хадера |
572 |
329,5 |
Хадера |
Хайфа |
294 |
528,5 |
Хайфа |
Сириянын Ысрайыл оккупациялап алган аймагы Ысрайыл БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.