Ливан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ливан (ар. – Лубнан), Ливан Республикасы (Аль-Жумхурия аль-Лубнания) – Батыш Азиядагы мамлекет, Жакынкы Чыгышта. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 225 км). Аянты 10,4 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 200 км2дей). Калкы 4,7 млндой (2009). Борбору – Бейрут шаары Расмий тили – араб тили (кабыл алынган мыйзам боюнча расмий тил катары – француз тили да колдонулат). Административдик-аймагы жактан 8 мухафазага (губернаторлукка) жана борборго бөлүнөт (к. таблицаны). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):
Мухафазалары | Аянты, км2 | Калкы, млн | Адм. борборлору |
---|---|---|---|
Аакар | 776,0 | 0,3 | Хальба |
Баальбек-Хирмиль | 3009,0 | 0,3 | Баальбек |
Бейрут | 19,6 | 0,5 | Бейрут |
Бекаа | 1151,9 | 0,3 | Захла |
Набатия | 1098,0 | 0,3 | Эн-Набатия-этТахта |
Тоолуу Ливан (Жебель-Лубнан) | 1968,3 | 1,8 | Баабда |
Түндүк Ливан (Эш-Шамаль) | 1248,8 | 0,6 | Триполи |
Түштүк Ливан (Эль-Жануб) | 929,6 | 0,6 | Сайда |
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/2/2a/Livan_jelegi.png/320px-Livan_jelegi.png)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/db/Beirutcity.jpg/640px-Beirutcity.jpg)
Ливан – БУУнун (1945), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1947), Ислам конференция уюмунун (1969) мүчөсү; Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.