Жет Ли
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жет Ли жана ошондой эле Ли Лианжи ысымы менен да белгилүү (кыт. улут. 李連杰, жең. 李连杰, пиньинь: Lǐ Liánjié
англ. Jet Li, Li Lian Jie; 1963-жылы, 26-апрелде туулган) - сахнадагы Жет Ли деген аты менен белгилүү. Кытайлык актер, продюсер, урушуу чебери жана Вушу боюнча чемпион атыккан - Жет Ли Пекин шаарында туулган. Ал Сингапур жарандыгын кабыл алган.
Жет Ли «Коркуусуз» тасманын бет ача ача ачаарында. (2006-жыл) | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Ли Ляньцзе |
---|---|
Туулган датасы: |
26 -апрель 1963(1963-04-26) (61 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1982 — а. у. |
IMDb: | |
jetli.com |
Ву Бин менен 3 жыл машыгуудан кийин ал Пекин Вушу командасына алгачкы жолу улуттук чемпионатты утуп жеңишти тартуулаган. Вушуну 19 жашында токтоткондон кийин ал "[[Шаолин ибадатканасы" (анг. Shaolin Temple, 1982) тасмасында дебюттук түрдө тартылуу менен Кытайда чоң мактоолорго арзыган. Андан соң ал көптөгөн алкыштарга ээ болгон эпикалык уруш тасмаларда тартыла баштаган. Алардын эң көрүнүктүүлөрү Жаң Йимоу тарткан "Баатыр" (анг. Hero, 2002) тасмасы, ошондой эле Rotten Tomatoes тарабынан мыкты деген баа берилген "Легенданын муштуму" (анг. Fist of Legend ) тасмасы жана "Бир жолу Кытайда" аттуу сериалда салттуу каарман Воң Фей-уңдун ролун аткарган.
Ал алгачкы жолу чет тилдеги "Өлтүрүүчү курал 4" (анг. Lethal Weapon 4 , 1998) тасмасында тартылып, анда терс каармандын ролун аткарган. Ал эми 2000-жылы "Ромео өлүшү керек" (анг. Romeo Must Die, 2000) тасмасында алгачкы жолу Голливуд тасмасында башкы ролду аткарган. Андан кийин ал көптөгөн экшн тасмаларда тартыла баштаган. Алардын ичинде Люк Бессондун "Ажыдаардын өбүүсү" (анг. Kiss of the Dragon) жана "Бошотуу" (анг. Unleashed) аттуу француз тасмалары бар. Ал ошондой эле "Бирөө" (анг. The One, 2001), Жеки Чан менен биргеликте "Тыюу салынган королдук" (анг. The Forbidden Kingdom, 2008), Силвестер Сталлоненин 3 бөлүмдүү "Карматкыстар" тасмаларында тартылып , "Апа: Ажыдаар падышанын күмбөзү" (анг. The Mummy: Tomb of the Dragon Emperor, 2008) тасмасында терс каармандын ролун аткарган.