Жеки Чан
Гонконгдук жана Америкалык актёр, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист жана и ырчы / From Wikipedia, the free encyclopedia
Жеки Чан (англ. Jackie Chan; кыт. 成龍, Чең Луң; кыт. 陳港生, Чен Гаңшең («Гоңконгдо туулган Чен»)); кээде Чан Коңсаң жана Фан Шилуң деп айтылат. 7-апрель 1954 жылы Гонконг шаарында туулган) — гонконг жана америка актёру, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, ырчы, БУУнун өз эркинче элчиси. Тасмаларда актер акробатикалык күрөш ыкмалары, күлкүлүү кыймыл-аракети, жана ар түрдүү куралдарды мушташта колдоно билгени жана өзү аткарган каскадерлук трюктары менен белгилүү. Ал кунг-фу жана хапкидо менен машыккан. Актер 1960-жылдардан тарта тасмаларда катышып, жүз элүүдөн ашуун тасмада тартылган.
Макала жакшы макалалардын катарына талапкер. Балким, макаланы дагы оңдоо талап кылынат. Макалага бул жактан добуш берип колдоп, же сын пикириңди жазсаңыз болот: Википедия:Жакшы макалага талапкерлер. |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
陳港生 (Чан Коң-Саң), |
---|---|
Туулган датасы: |
7 -апрель 1954(1954-04-07) (70 жаш) |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
актёр , каскадёр , кинорежиссёр , продюсер , сценарист , ырчы |
Карьерасы: |
1962 — а. у. |
Сыйлыктары: |
«Оскар» (2016) |
IMDb: | |
jackiechan.com |
Актер “Гонконг жылдыздар аллеясынын” жана "Голливуд атак-даңк аллеясынын" жылдызы болгон. Анын аты ар кандай ырларда, карикатураларда, мультфильмдерде жана видео оюндарда колдонулуп келет. Жеки Чан кесипкөй ырчы жана кытай тилинин кантон жана мандарин диалектилеринде ырдай алат, көптөгөн ыр альбомдорун жарыкка чыгарган. Роль жараткан тасмалардын көбүндө тематикалык ырларды ырдаган. Ал ошондой эле кайрымдуулук иштери аркылуу дагы белгилүү. 2015-жылы Forbes журналынын эсептөөсү боюнча Жеки Чандын кирешеси $350 миллионго (АКШ доллары) бааланган.
Британ империясынын орденинин кавалери.