Деңиз климаты
From Wikipedia, the free encyclopedia
Деңиз климаты, океан климаты – океан , деңиздердин атмосферага тийгизген таасиринен пайда болгон климат. Ачык океандарга, аралдарга жана мелүүн алкактардагы материктердин батыш жактарына мүнөздүү. Материктерге ичкерилеген сайын ал континенттик климатка өтөт. Деңиз климатында абанын температурасы жыл бою, сутка ичинде акырындык менен аз өзгөрөт. Жайында абанын нымдуулугу көбөйөт. Жаан-чачын арбын болуп, шамал дайыма деңизден согот. Атмосфералык циркуляциясы батыштан чыгышка багытталгандыктан, жумшак деңиз климаты көбүнчө материктин батыш жээктерине мүнөздүү. Ысык-Көл кылаасындагы климат деңиз климатына жакын.