![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e8/Volgograd_in_Russia.svg/langky-640px-Volgograd_in_Russia.svg.png&w=640&q=50)
Волгоград облусу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Волгоград облусу (1961-жылга чейин Сталинград областы) Россия федерациясынын субьекти 1936-ж. 5-декабрда түзүлгөн. Аянты 114,1 миц км2. Калкы 2 545 937 (2016).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e8/Volgograd_in_Russia.svg/640px-Volgograd_in_Russia.svg.png)
Волгоград областы Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-чыгышында. Батыш тарабы дөңсөөлүү, кокту-колоттуу; чыгышы түзөң. Климаты континенттик. Кар аз түшөт, кышы суук; жайы кургак, ысык. Январдын орт. температурасы түш,- батышында — 8° С, түн.-чыгышында— 12° С. Жайында 22° С, 24° С. Жылдык жаан-чачыны 450 мм. Область аркылуу Волга жана Дон дарыялары агып өтөт.
Волгоградск, Цимлянск суу сактагычтары, Эльтон, Боткуль, Горько-Солёный туздуу көлдөрү бар. Территориясынын 83% талаа зонасында, түндүк- батыш бөлүгү кара, калган жеринин кыртышы кара күрөң жана күрөң топурактуу. Аянтынын 4% токой (эмен, клён ж. б.).
Айбанаттары: карышкыр, сэры чычкан, кош аяк, түлкү, бөкөн; канаттуулары: тоодак, торгой ж. б.